Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эшек такалап отурабы? Полковник Улан Султановдун “ириген” ишмердиги

Эшек такалап отурабы? Полковник Улан Султановдун “ириген” ишмердиги

19-октябрь, 11:28
1 713 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эрксизден баш чайкайсың. ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын начальниги Улан Султанов атасы Алымбай Султановдун аркасынан карьералык өсүш кылганы бизге маалым. Чечмелеп берели. 2010-жылы Алмазбек Атамбаев бийликке жетип, кан кудасы Алымбай Султановду жогорку кызматка алып келген. Ошондон тарта баласы Улан тездик менен жетекчилик орундарды аркалап, акыры Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин начальнигине секирик жасаган. Бул жактан жасалма кылмыш иштерин уюштурушканы, кызматкерлери байма-бай коррупция, паракорчулукка айыпталышканы унутулдубу? Иштей албай кыйла чайналып жүргөнү уу-дуу кеп жаратчу. Кызык, полковник Улан Султанов Октябрь РИИБни эптей албай, өздүк курамдын нааразычылыгы жаралып, жогорку жетекчиликтерге тоголок каттар жазылса да, адилетсиз бийликтин колдоосу менен бир канча жыл сүйрөлүп жүргөн. Акыры ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчилигине которулду. Учурда эмнени кыйратып атканы белгисиз. Качанкыга чейин атасынын аркасы, жердешчиликтин желаргысы менен манчыркай берет? Бизнесине, байлыгына кызыгып койчу жан жокпу? Жообу да бериле турган убакыт келет. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер