Күйөөмдөн сегиз жаш улуу аял үй-бүлөбүздү азапка батырды


15 жылдан бери жолдошум менен бирге жашап келем. Эки уулубуз бар. Бирок акыркы бир жылдан бери ал өзгөрдү, өзүнөн сегиз жаш улуу өзбек улутундагы аял менен мамилеси токтобой жатат. Анын жашоосу да ар кандай ушак-айыңдарга батыптыр... Экөөнүн кантип табышып калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнө албайм.
Бул маселеден улам үй-бүлөбүздө көп жаңжал болду. Мен канча жолу кечирүүгө, балдарым үчүн чыдоого аракет кылдым. Бирок жашоомдо кордук, көз жаш жана оор күндөр гана көбөйдү. Денемде соо жер калбай, жүрөгүм жараланды. Чет өлкөдө жалгыз калгандай сезилип, кайгы-муңумду эч кимге айта албай келдим.
“Балдарым үчүн жашайын” деп өзүмдү кармап жүрдүм. Бирок жылдар бою курган үй-бүлөмдүн ушундай абалга келгенине ичим ачышат. 15 жылдык өмүрүм, эмгегим, үмүттөрүм текке кеткендей туюлат. Азыр жандүйнөм чарчап, эмне кыларымды билбей турган абалдамын. Болгону балдарымдын келечеги жакшы болуп, бул оор күндөр артта калса экен...
Мадина











