Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элдин ырыскысын уурдаган Нурлан Сулаймановдун байлыгы ашып-ташып кеттиби?

Элдин ырыскысын уурдаган Нурлан Сулаймановдун байлыгы ашып-ташып кеттиби?

26-февраль, 10:30
718 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экс-министр Нурлан Сулаймановдун баласы Элдар Сулайманов учурда Жогорку Кеңештин депутаты. Акчанын күчү менен чоң саясатка көтөрүлдү. Билими, тажрыйбасы канчалык деңгээлде өркүндөгөнү белгисиз. Байдын баласы катары тайраңдап аткан чагы... 

Атасынын аркасы менен Элдар Сулайманов Ошко 2 миллион долларга заманбап мончо салганы, Батыш өлкөлөрүнө “Памир” суусундугун экспорттоп келгени белгилүү. Албетте, булар чоң бизнес. Баса, көз жазгыруу үчүн кредит алышып, аны бетке кармашканы кандай? Өздөрүнүн акчасы жок беле? Курманбек Бакиевдин режими тушунда Нурлан Сулайманов транспорт министрлигин жетектеп, миллиондорду кымырганы, анан заман алмашып, ошонун кесепетинен коррупцияга айыпталып, кылмыш иштери козголуп, качып кеткени эсиңердеби? Алмазбек Атамбаев президент болгондон кийин жүзү ачылып отурбайбы. Ошентип, сыртта саякаттап жүрүп, убакыттын өтүшү менен артын тазалатып келип алган... 

Натыйжада, мамлекеттен уурдаган байлыгын баласы четинен кертип, ири бизнес долбоорлоруна жумшаганы ушулбу? Айтор, убагында акчаны пирамидадай жыйып койсоң, саясатка, бизнеске кенен чабак уруп, элдин төбөсүнө камчы чапкандай үстөмдүк жасап, жогору жакта көкөлөй бересиңби? Учурда Нурлан Сулайманов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси, баласы Элдар “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты. Мындан өткөн бакыт барбы? А ырыскысын уурдаткан карапайым эл болсо жакырчылыкка батып, тишинин кирин соруп отурат... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер