Аял болгондон ушунчалык чарчадым...


Жолдошум эки жылдан бери иштебейт. Мурун иштегенде деле кыйратчу эмес. Мен эле иштейм. Тытынып жүрөм. Ал ушунчалык жалкоо болуп бүттү. Аял киши үйдүн жүгүн көтөрүп жүрө берсе, жашоого башкача көз караш менен карай баштайт экенсиң. Көчөдөн акча таап келип, үйгө келип үй жумуштары… Аял болгондон ушунчалык чарчадым. Сүйүп эле турмушка чыккам. Ошол сүйүүдөн кыпын калбады.
Аялдын аял болгону гана жакшы экен. Жандүйнөм чарчады, чаалыкты. Мен да күчтүү эркекке жөлөнүп, өзүмдү алсыз сезгим келет. Жумуш, акча жөнүндө ойлонбой, балдарымды карап жашагым келет.
“Анда иштебей үйдө отурсаң, жолдошуң сени багат” дегендерге айтарым, төрт балам бар. Кредит. Аларды мен иштеп жаппасам болбойт. Иштебей деле отургам, анда кайра карыз болуп кеткенбиз. Эмнеге ушул биздин эркектер мынчалык жалкоо? Лөлүнүн эркегиндей болуп баратышат. Же аял эмес же эркек эмес, чарчадым. Үйдө отурган эркек аялдай таарынчаак, урушчаак болуп калат экен. Уруша кетсек аялдай таарынат. Сүйлөбөй коёт. Кайра мен барып сөз баштайм. Чынын айтсам, өзүмдү күйөөсү жок, чоң баласы кежир, беш балалуу жалгыз аялдай сезем. Же бир сырдаша алсамчы! Ойлорубуз, жашоого болгон көз карашыбыз эки башка. Чечилип сырдашкым, сүйлөшкүм келет. Жалгызсырайм. Бул дүйнө түйшүгүн жалгыз көтөрүп жүргөндөймүн.
Нурайым
"Азия Ньюс" гезити











