Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кумтөр боюнча Бөлтүрүктүн кыңыр иштери ачыкталабы, же көз жаздымда калабы?

Кумтөр боюнча Бөлтүрүктүн кыңыр иштери ачыкталабы, же көз жаздымда калабы?

13-май, 21:39
409 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Президент Садыр Жапаровдун демилгесинен улам, Кумтөрдүн былтыртан берки ишин эсеп палатасы текшере баштады. Теңгиз Бөлтүрүктүн каржылык, чарбалык жактан шек жаратканы ыраспы, ачыкталабы? Деги эле Кумтөр темасы боюнча кандай бүдөмүк көрүнүштөр болушу мүмкүн?” деген собол таштадык.

Нарис Калчаев, эксперт:

-- Бир жыл убакыт аралыгында Кумтөрдөн эч ким отчёт алган жок. Эми “эсеп палатасы текшерип, эл күткөндөй жыйынтык чыгарат” дегенден күмөнүм бар. Анткени текшерүүчү орган өзү канчалаган коррупциялык иштерге аралашкан, жетекчилери дагы кылмыш жообуна тартылган?.. Ошол себептен коомдук комиссия түзүшсө жакшы болмок. Теңгиз Бөлтүрүктүн бир жылдык ишмердүүлүгүн дыкат текшерип чыгып, коомчулукка ачык жарыялаш керек. Кумтөрдө көптөгөн иштер күмөн жаратууда. Мисалы, Монголия, Түркия, Австралия ишкерлери менен түзүлгөн келишимдер. Геологиялык чалгындоо иштерин жогоруда айтылган “чет элдик ишкерлер менен баасы кымбат келишимдер түзүлгөн” деген шек саноолор бар.

Кубанычбек Идинов, экономист:

-- Бөлтүрүк иштеп баштаганда эл арасында ар кандай кептер болуп кетти, “алтынды быякка, тиги жакка ташып атат” деп. Ошо сөздөргө бир жагынан жооп кылып, экинчи жагынан Кумтөр мамлекеттик мекеме болуп калганга байланыштуу ар бир ишкананы эсептөө палатасы мыйзам боюнча текшерип туруш керек. Буга чейин Кумтөр ишканасы текшерүүчүлөрдү киргизген эмес. Тарыхта биринчи жолу ачыкка алып чыгып, элге көрсөтүп коёлу (!) дегени жакшы идея. Биринчиден, президент ар кандай өйдө-төмөн сөздөрдөн кутулат. Экинчиден, мамлекеттик ишкана катары кандай иштерди алып барып атканы боюнча ачык көрсөткөн болот. Үчүнчүдөн, салык болобу, казылып алынган алтындар бөлөк жакка сатылып кетип атабы, же дагы эл билбеген иштерди көмүскөдөн алып чыгуу аракетине жол ачылдыбы? Кумтөр боюнча ачык саясаттын башаты катары, менимче, абдан туура кадам катары каралууда.

Анарбек Усупбаев, коомдук ишмер:

-- Канча жыл болду, “Кумтөр кени Кыргызстандын экономикасына ат көтөргүс салым кошот” деп келген ой-максаттары аткарылбай келатканына? Кумтөрдү башында Канаданын “жөөттөрүнүн” колуна карматып берген Акаев, Айтматов, Чыңгышев деген премьер болду. А жерден жыргаган неме алган жокпуз. Чынында, өндүрүлгөн алтындын жок дегенде жарымы Кыргызстандын кампасында болуш керек. “Пайданын мынча пайызы” дейт, “көкмээлер” көрсөтүшү мүмкүн, а “акмээлер” көрсөтпөйт да. Айтайын дегеним, башынан баштап туура эмес болгон. Ал эми азыр Бөлтүрүгү баш болуп “жайлап” атат да, туурабы? Уу заттар сакталуучу жай өз ченеминен ашып, жерди бузуп, талкалап баштаганын кантебиз?! Канадалыктар болсо “бизге дооматыңар болбосун, болгонун бердик” деп качып кетип калды да. Ошону менен бүттү, Ысык-Көл ууланбаса болду, маселе ошондо. Мөңгүлөрдү талкалады, эми кургакчылык болот. Жаратылыштын кыйрашына ким жооп берет? Акаевден баштап Айтматов, Бирштейн, акыркы бийликтерге чейинкилерди тизип туруп эле камап салыш керек! Садыр Жапаров “Кумтөрдү алдым” деп атат. Алганда эмнени кылды? Мойнуна бир далай жүктү илди. Шордуу эл экенбиз, мактана турган эч нерсебиз калбады. Кээде туруп “кыргызмын” дегенден уялам...

Кубанычбек Исабеков, коомдук ишмер:

-- “Кумтөр маселеси 100 пайыз толук чечилди” дегенден алыс болушубуз керек. Директорлор кеңеши, акционерлер кандай чечет? Сот маселеси кантет? Кумтөрдүн эсебинен Россиянын Тывада, Монголияда, Түркияда сатылып алынган алтын кендери бар болчу. Булардан кол жууп жатабыз. Кумтөрдө жайгашкан алтын запасыбыз канча калды? Маселе ушунда болуп атат. Садыр Жапаровдун мурдагы жылы “калбай деле калды, бул маселени көтөрүп кереги жок” деген сөздөрү бар. Ошентсе да моралдык жана намыс жагынан утуш жок эмес. Өз кенибизге өзүбүз ээ болуп атабыз. Эсебим боюнча, Кумтөрдө 260-300 тоннага чейин алтын бар. Элдин ырыскысына бул ишкана иштеш керек. Бул жерде президент айткан эсептөө палатасына тапшырма бергенин кубаттап отурам. Мурунку жылдары “Центерра” ар жыл сайын өз алдынча отчет берип, 17 тоннадан кем эмес алтын казылып атканын коомчулук билет эле. Ошол эле учурда Теңгиз Бөлтүрүк мырза былтыр жайында “биздин өндүрүш 60 пайызга кыскарып кетти” деген эле. Эмнеге кыскарды? Ошол эле санда адамдар, ошол эле техника иштеп атат... Бу жагы да түшүнүксүз. 17 тоннадан кыскарса, болгону 5-6 эле тонна алтын алып атабызбы? Анда чыгымын актабай калып атпайбы! Дагы бир кызыгы, биз “алтын эле, алтын” дейбиз. Ал эми толгон-токой күмүш кайда кетип атат? Ошон үчүн эсептөө палатасына Садыр Жапаровдун тапшырма бергенин кубаттайм.     


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер