Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлбара Ишенапысова: “Кытайдан келген вакциналар менен 75 миң адам эмделет”

Гүлбара Ишенапысова: “Кытайдан келген вакциналар менен 75 миң адам эмделет”

27-март, 12:28
781 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору менен маек.

-- Жалпысынан канча дозадагы вакцина алынууда? Азыркы келген вакциналар канча адамга эсептелген?

-- Эмдөө боюнча пландын негизинде жылдын аягына чейин коллективдик иммунитет болуш үчүн калктын 20 пайызы эмдөөдөн өтөт. Дагы 20%ы COVAXдын негизинде эмделет. Андан сырткары, эмдөө үчүн донорлордун жардамы менен вакциналарды сатып алуу жагы каралууда. Азыр биздин өкмөт бир гана гуманитардык жардамды күтпөстөн, Россияга 500 миң доза алуу үчүн кайрылуу жолдогон. Ал эми Кытай элчиси менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, ал жактан 19-мартта 150 миң вакцина келди. Ал 75 миң адамга жетет. 

-- Ал вакциналардын коопсуздугу, эффективдүүлүгү кандай экен?

-- Бул вакциналар 65 өлкөдө колдонулду. Ушул вакциналар менен Түркиянын 12 миң жараны эмдөөдөн өттү. Мунун эффективдүүлүк, коопсуздук көрсөткүчтөрү жакшы келе жатат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун дагы кепилдигин алууга март айында каралат деп күтүп атабыз. Негизи биз деле коопсуз вакциналарды колдонгонго аракет кылабыз. Буга бир эле министрлик эмес, өкмөт дагы жооптуу деп ойлойм. Анткени вакцина келерде атайын эксперттик топ текшерип чыгып, кийин министрликке сунуш берет. 

-- Биринчилерден болуп кайсы жарандарды эмдөөдөн өткөрүү каралган? 

-- Эң биринчи үч этапты караганбыз. Ага медициналык жана социалдык кызматкерлер, 65 жаштан өткөн жарандар, өнөкөт оорусу барлар кирет. 

-- Эмдөө алдында жарандардын ден соолугу текшерилеби?

-- Министрлик тарабынан иштелип чыккан даярдыктар бар. Медициналык кызматкерлерди кошумча окутуулар да жүрүүдө. Биз эмдөөдө жарандардын укугун бузбайбыз. Бирок, алардын милдети да бар экенин унутпашыбыз керек. Адам биринчи медициналык көзөмөлдөн өтүп, ден соолугунун жалпы абалын көргөндөн кийин гана эмдөөгө жолдомо алат. Вакцина алгандан кийин 30 мүнөт ошол жердеги атайын күтүүчү жайда кармалат. Эгер абалы жакшы болсо үйүнө кетет. Андан кийинки үч күн ичинде телефон аркылуу же жашаган жериндеги үй-бүлөлүк дарыгердин көзөмөлүндө болот. 

-- Вакцинациялоо канча жаштан башталат?

-- 18 жаштан жогорку жарандарга жасалат. 

-- Вакцина алгандарда бул ооруга карата иммунитет пайда болобу?

-- Негизи иммунитет пайда болот деген кепилдиктер бар. Бул вирус мезгилдик ооруга айланбаса, эки жолку вакцина иммунитет иштеп чыгарат деп атабыз.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер