Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Украинадагы атайын операция – Чыгыш цивилизациясын орнотуунун башталышы

Украинадагы атайын операция – Чыгыш цивилизациясын орнотуунун башталышы

13-май, 09:00
592 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

АКШнын аскер контингентинин Афганистандан 2021-жылдын августунда чыгарылып кетиши менен Батыш демократиясы өлдү. Эми Россиянын Украинадагы “аскердик атайын операциясынын” жыйынтыгында Батыш цивилизациясы Чыгыштан кетет. Анын ордуна жаңы кубаттуу Чыгыш демократиясы жана цивилизациясы пайда болот. Америкалык социалдык филосов Сэмюэл Хантингтон 1996-жылы эле “Цивилизациялардын кагылышы жана дүйнөлүк тартиптин өзгөрүшү” аттуу китебинде дүйнөнүн демократия менен цивилизациянын эки түрүнө бөлүнөрү күтүлүп жатканын жазган. 1945-жылы фашисттик Германия жеңилгенден кийин дүйнөлүк державалар антифашисттик принциптердин негизинде жаңы бирдиктүү дүйнөгө ээ болушкан. Бирок бул биримдик Уинстон Черчиллдин фултондук кебин бүлгүнгө учуратып, андан кийин Батыш жана Чыгыш түшүнүгүндөгү демократиянын ортосундагы жаңы тирешүү – “муздак согуш” келип чыкты. Хантингтон өзүнүн цивилизациялар квалификациясын көрсөтүп, андан тогузду санаган. Алардын арасында православдык жана батыштык бар. Учурда биз күбө болуп жаткан окуялар кыязы, ушул цивилизациялардын тирешүүсү. Башка дүйнөлүк оюнчулар азыр – синдик, индиялык жана ислам цивилизациясы. Мурда дүйнөлүк тарых монархтардын, улутчулдардын жана идеологдордун ортосундагы күрөшкө негизделчү, мисалы, Батыш цивилизациясындагы. Бирок “муздак согуш” аяктагандан кийин дүйнөлүк саясат жаңы фазага өттү, анын негизинде батыштык эмес цивилизациялар Батыш цивилизациясынын эксплуатациядагы колониясы болуудан кутулушту. Хантингтон глобалдуу саясаттын “муздак согуштан” кийинки табияты тууралуу ар кандай теорияларды изилдеген. Бир катар теоретиктер жана жазуучулар дүйнөдөгү улуттардын “муздак согуштан” кийинки жалгыз идеологиялык альтернативасы адам укугу, либералдуу демократия жана капиталисттик эркин рынок экономикасы болуп калганын айтышат. Фрэнсис Фукуяма дүйнө гегелдик маанидеги “тарых соңуна” жеткенин тастыктаган. Бул СССРдин урашына байланыштуу, ал Батыш либералдык цивилизациясынын чыныгы жеңишине жетишүүсүн чагылдырган. Фукуяма так ушул социалисттик жана капиталисттик блоктордун тирешүүсүнүн аякташы “тарыхтын соңуна” алып келди деп эсептейт. 

80-жылдардын аягы, 90-жылдардын башында Р.Рейган жана Ж.Буш-улуусун алардын тушунда союз урап жана өз урандысына көмүлгөнү үчүн айыпташкан. СССРдин талкаланышы менен эки дүйнөнүн тирешүү идеясы да өлдү. Адамзаттык цивилизацияны өнүктүрүү үчүн минус жана плюска так бөлүштүрүү зарыл, магниттегидей кылып. Эки плюс болгондо гана магнит өз функциясын аткара алат. Эми келгиле, дүйнөнү эки философиялык тарыхый уюлга бөлүп көрөлү, бул XXI кылымда так чек арасын аныктаган. Аларды Батыш жана Чыгыш деп атайбыз. Батыш Европа жана АКШ. Белгилей кетчү нерсе, мисалы, Япония убактылуу Батыш бөлүккө кирет. Анткени, диалектикалык жагдайларды аныктоо керек болсо, Япония Батышка оңой эле өтүп кетет. Андан ары дүйнөнүн Батыш уюлун түзөбүз. Россия, Кытай, араб өлкөлөрү, Африка жана бир катар түштүк африкалык өлкөлөр. Ошондо, эгер европалык эмес саясатта Батыш менен Чыгыш бар болсо, философиялык түшүнүктө бул экөө бир нерсени туюндурат. Бирок ошол эле убакта өздөрүнө өздөрү каршы чыгышат. Биринчи бөлүктөгүлөр Укрианадагы кризиске Россияны айыпташат, экинчилер НАТОну. Философиялык көз караштан алганда, бул качып кутулууга мүмкүн болбогон муктаждык болду. Ал Путинден жана Байденден көз каранды эмес эле. Болгону ар бири өзүнүн жолу менен кетип баратышып, кайсы бир чекитте кадамдары кесилишип калды дагы, учурда күбө болуп жаткан кырдаал жаралды. Эч кимиси жол бошоткусу келген жок. Гегелге ылайык, тынчтык толугу менен жакшылык, а согуш толугу менен жамандык эмес. Согуш менен тынчтыктын шартында карама-каршылыктардын биримдигинин жана күрөшүнүн диалектикасынын биринчи мыйзамы иштейт. Глобализациялоонун учурдагы долбооруна эки себептен улам жарака түштү: батыштык эмес өлкөлөрдүн нааразычылыгы жана Батыштын ичиндеги макулдашуунун жоктугу. Трансатлантикалык өнөктөштүк долбоору ишке ашкан жок, анткени Европа трансулуттук корпорациялардын жана элитанын толук көзөмөлүндө калгысы келбеди. Россия Украина менен мамилесин териштирип жатканда, Батыш өзү курган глобализацияга зыян келтирип, санкция менен алектенүүдө. Мындай нерселерге карабай Батыш баары бир өзүнүн жаңы реалдуулугун калыптандырууга умтулат, анын байлыгы жана кубаттуулугу ошону менен көбөйөт жана бекемделет. А батыштык альянстар жана биримдиктер бир топ жөндөмдүү жана экономикалык жактан эркин болуп калышат. Учурда биз ар кыл маанини берип турган көрүнүштү карап турабыз: бир тарабынан жамааттык Батыш 20 жыл мурда Россияга басым жасаганына караганда, азыр бир топ бирдиктүү, чечкиндүү жана агрессивдүү сезилүүдө. Ошол эле убакта айрым өлкөлөрдөгү өзүнүн кызыкчылыгына болуп көрбөгөндөй жумшактык кылууда. Россияга каршы санкция Батыш блогунун ички каршылыгын ачыктады. 

 АКШ позициясы алсызданып калганын мойнуна алса дагы, баштагыдай эле Батыш дүйнөнүн чордону болууга аракеттенип жатат. Алар менен бир катарда болууну каалагандар азайгандан азаюуда. Алтургай бирдиктүү Батышты түзүүгө мүмкүнчүлүгү азайды, дүйнөнүн башка бөлүгүн айтпай эле коёлу. Украинадагы кризис АКШнын дүйнөлүк гегемонияны кармап калуу мүмкүнчүлүгү азайганын билдирет, анткени Акүй Россиянын атайын операциясынын алдын ала албады. Москвага каршы эң бир олуттуу санкцияларды салуу менен коркутуп-үркүтсө дагы. Жыйынтыгында, Вашингтон “дүйнөлүк жандарм” ролунан кол жууп баштады. Королдук Элькано институтунун (Испания) Латын Америка тарыхы кафедрасынын профессору К.Маламуд 3-мартта билим берүү мекемесинин сайтында талдоо материалын жарыялады. Анда көпчүлүк латынамерикалык мамлекеттер Украинанын аймагындагы конфликтке нейтралдуу позициясын карманганы айтылат. Белгиленгендей, Латын Америка өлкөлөрүнүн тигил же бул блокко кошулуудан баш тартуусу – бул региондо АКШнын гегемониясынын жок болушу менен постамерикалык доордун жакын арада башталышын көрсөтөт. Украинадагы кырдаал Латын Америка өлкөлөрүнүн реалдуу көз карандысыздык үчүн күрөшүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Анткени, америкалык жогорку даражалуу аткаминерлер 5-мартта Венесуэлага расмий иш сапары менен барышты, алар президент Н.Мадуро менен жолугуп, венесуэлдик элитанын биримдигине жетишүүгө аракеттешти. Бирок "Вашингтон пост" америкалык гезитинин журналисти Тимоти Гилл белгилегендей, Каракас Батыштын санкция кампаниясына кошулуу ниетин карманбайт. Баса белгиленгендей, Венесуэланы биринчи кезекте Акүйдүн колониалдык эмес саясаты канааттандырбайт, ошондой эле АКШнын президенттик администрациясынын жалпы тышкы саясаттагы курсун, амеркалык “демократия” үлгүсүн Латын Америка өлкөлөрүнө мажбурлоо менен орнотконун колдобойт. АКШ өзүнүн азиялык союздаштары Япония менен Түштүк Кореяга карата атаандаштыктын абийирсиз механизмин колдонууда – электрониканын дүйнөлүк рыногун монополизациялоо үчүн. Токио менен Сеул кайсы бир жогорку технологиялык тармакта Вашингтондон алдыга чыгар замат, алардын корпорациясына каржылык жана техникалык чектөөлөр киргизилип, анын өнүгүүсүн басаңдатууга далалаттанышат. Мисалы, “Самсунг” кореялык жана “Сони” япониялык корпорациясы ушунун айынан кытай өндүрүшчүлөрүнүн “Хуавей” электроникасына салынган санкцияга кошулууга аргасыз болушту. Жыйынтыгында өндүрүш чынжырчасы жабыркап, ири каржылык жоготууларга алып келди. Ушул сыяктуу стратегияны колдонуп Вашингтон Түштүк Корея менен Японияны Россияга тиричилик жана электрондук техникаларды жеткирүү чечиминен баш тартууга жеткирди. Дүйнө эки лагерге бөлүндү, а Украинадагы абал бул ажыроону ансайын даана көрсөттү. 

Мына ушул бөлүнгөн дүйнө Батышты нааразы кылууда. БУУнун Башкы Ассамблеясынын Россиянын Украинага жасаган атайын операциясын талдаган резолюциясына көз чаптырып көрөлү. Бир караганда, сандар олуттуу: резолюцияны болгону 40 өлкө колдогон эмес (35 өлкө бейтарап, бешөө каршы), 141 өлкө макул болушкан. Бирок эгер ошол 40 өлкөнү жакшылап карасак, Индия менен Кытайды кошкондо жер жүзүнүн басымдуу бөлүгү келип чыгат. Ал эми бул жерде кеп калктын пайызында да эмес, англосаксондордун дүйнөлүк үстөмдүккө дооматтары негизсиз болуп чыккандыгында. Англосаксондор адамзаттын тарыхындагы эң бир маанилүү болгон глобалдык системаны түзүштү, бирок аягында өздөрү көтөргөн жүктүн астында талкаланышты. Ошол эле учурда батыштык эмес негизги цивилизациялар алардын эрежелери менен ойноодон баш тартышты. Тарыхка көз чаптыра турган болсок, глобалдык механизмдер же дүйнөлүк согуштун алдында, же андан кийин, же планетардык масштабдагы саясый-социалдык толкундоолор доорунда ишке киргизилгенин байкайбыз. Акыркы үчүнчү толкун СССР урагандан кийин башталган жана В.Путин 2007-жылы дүйнөнүн бир уюлдуулугу курулуп жатканы жана ага жол бербей турганын айтканга чейин күч алды. Учурдагы украиналык кризис англосаксондук цивилизацияга дүйнөлүк жаңы тартип алардын сценарийи менен курулбай турганын так түшүндүрдү.


Бакыт Бакетаев, саясат таануучу 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер