Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Отунбаева менен Жээнбековго экс-президент макамы мыйзамсыз берилген

Отунбаева менен Жээнбековго экс-президент макамы мыйзамсыз берилген

24-январь, 01:15
2 301 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Отунбаева айтып жаткан “кырсык” шайлоо бул – Атамбаев менен Жээнбековдун шайланганынын өзү “жоболоңдуу” болгон. Экөөнүн айынан мамлекет 10 жылда итке минди. Себеби, экөө тең бийлик башына келип, коррупцияга аралашып, аны гүлдөтүп жүргөнү бийликтен кеткенден кийин ачыкка чыгып отурат. 

Эми жаңы шайланган Садыр Жапаров, сизди карапайым элиңиз 80 пайыз колдоп жаткандан кийин Атамбаев менен Жээнбековдун кылмыштуу иштерин дыкат текшертип, күнөөлүү болсо жалпы элге жарыя кылып, жоопко тартыңыз. Себеби, сиз аларга жаман иш жасап чукуп жаткан жериңиз жок, болгону өзүңүз айткандай, “мыйзам баардыгына бирдей” экенин тастыктаган болосуз. 

Айталы, учурунда Сооронбай Жээнбековго “коррупция мамлекетти чырмап алды, токтотуп, чара көрүңүз!” деп канча кайрылбайлы, “мага факты бергиле” деп мурдун балта кеспей отуруп алды. Анан кызматтан чегингенден кийин Таировдун, Дыйканбаевдин, Токаевдердин ж.б. шылуундардын кылмыштуу иштерин жаап-жашырып келгени билинип отурат. Ошол эле пандемияга эмне үчүн жооп бербеши керек? Ушулардын шалаакылыгынан канча деген жарандарыбыз бул дүйнө менен кош айтышып кетти? Андай болсо жоопкерчиликтен баарын бошотуңуз. 

Урматтуу ажо, сиз Жээнбековдорго бир тыйын дагы карыз эмессиз. Ажолук такты сизге колко кылып өткөзүп бергидей ал Жээнбековдордун атасынан калган эмес. Кыргызстан элинин 80 пайызы сизге ишенип ажолукка шайлады, а сиз ырым кылып, “кылмышка шектүү иштерине көңүл бурган жокмун” дегенчелик кылып жатасыз. Бул туура эмес. Жалпы эл нааразы, Отунбаева менен Жээнбековго экс-президент макамы туура эмес жана мыйзамсыз берилген. Булар кайсы жыргаткан эмгектери үчүн мамлекеттин эсебинен жашаш керек? Эмне, акчаны оңду-солду чачкандай, өлкөбүз бай беле? Урматтуу Садыр Нургожоевич, карапайым эл 2-3 миң сом пенсия менен жашап атат. Ушундай пенсия алып жашашына Отунбаева менен Жээнбековдун түздөн-түз тийешеси бар. Ошон үчүн жалпы эл сизди “ээрге түз отурат бекен же мурункулардай болуп кыйшык отурат бекен?” деп абай салып карап турат. 

Атамбаев дагы кылмыштуу иштерине толугу менен жооп берсин. Бул – элдин талабы. Себеби, ал башында турган Убактылуу өкмөттү бийликке алып келебиз (!) деп канча деген жигиттер окко учушту?! Убактылуу өкмөт убаданы үстү-үстүнө берип, “жаркын жашоо болот” дешти эле, эмне болгонун 10 жылдан кийин көрүп жатабыз го? 2010-жылдан бери тоо-кен тармагындагы кенди казууга лицензияны оңду-солду таратып, мамлекеттин кызыкчылыгы корголбой, үлүшү да жок болуп отурат. Болгону “салык төлөп жатат” деп элди башын айландырып, ишендирип алдап келишкен. Буга ким жооп берет?

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Чынында сиз эскилерден калган, кокосуна чейин коррупциялашкан, криминалдашкан, эң арттагы кризиске баткан малекетти кабыл алып, мойнуңузга оор жүктү алдыңыз. Ошондуктан кыргыз элиме кайрылып айта кетерим, ажобузга ушундай оор жүк жүктөлүп жаткандан кийин кызматка кимди алып, кимди коёруна тоскоолдук кылбай, жагымдуу иштешине шарт түзөлү! Антпесе, очорулган мамлекетти кантип бутуна тургузат? Биз 80 пайыз бул кишиге ишеним көрсөткөндөн кийин 2-3 жыл убакыт берип, колуна кол, бутуна бут болуп жардам берели!                     


Болуш Султанов 

"Азия Ньюс гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер