Айкөкүл Асылбекова: “Кумтөрдү шылтоо кылып, Асылбек Жээнбековду камакка алуу – мыйзамсыздык”
-- Депутат Асылбек Жээнбековдун камакта калышына кандай баа бересиз?
-- Асылбек Жээнбековдун Кумтөр боюнча камалышынын өзү мыйзамсыз. Жогорку Кеңеш коллегиалдуу орган. Асылбек Шарипович ал кезде жөн гана спикер болчу. Добуш берген депутаттар болгон. Тескерисинче, ал Кумтөрдүн сатылышына каршы чыккан оппозиянын тобунда турган. Анан Кумтөргө шылтоо кылып кармап, эки айга камакта калтыруу – бул мыйзамсыздык!
-- Мурда ага кошомат кылган калың катмар, чоң саясый чөйрө бар эле. Кыйынчылык кезде колдоп чыгышпаганы кандай?
-- Эми бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ооба, бийлик колунда турганда баары айланып жүрдү. Азыр саналуу гана жакшы санаалаштары калды. Биздеги саясатчылардагы бул көрүнүш жаңылык деле эмес. Мындай нерсе үчүн алардын бети чымырап да койбойт. Бир бийлик кеткенде экинчисине жабышып, айтор, кресло үчүн баарына даяр булар. Ошондуктан, андай кошоматчылардын жок болуп кеткенине таңгалуунун кереги жок. Бирок арасында мен сыйлаган эл өкүлдөрү бар. Алар эртеси эле өз ойлорун коркпой айтып чыгышты. Мисалы, Тазабек Икрамов, Канатбек Исаев ж.б.
-- Асылбек Жээнбековдун саясый карьерасы ушуну менен бүтөбү, же?..
-- Кээ бирөөлөр түрмөгө түшкөндө өзүн таштап, ден соолугун жоготуп, жашоонун маңызынан адашып калышат, айрымдар ошол жерден ийгиликтерге жетишет... Жөн отурбай адистик шыктарга ээ болушса, жашоонун маңызы эмне экенин түшүнүшөт. Кээ бирөөлөр айтат, “түрмөдөн адам сынат” деп. Иш жүзүндө көрүнүп тургандай, “ак ийилет, бирок сынбайт”. Түрмөдөн ак адам курчуйт. Максатына жетиш үчүн ар тараптуу ой-жүгүртүүлөргө ээ болуп, көптөгөн жаман да, жакшы да адамдарга жолугуп, алар менен баарлашуунун негизинде дипломсуз эле билимдүү болушу мүмкүн.
Кээ бирөөнө түрмө – жашоонун акыркы жайы болсо, айрымдар түрмөдөн чыгып, дароо эле президенттикке талапкер болот.
Кандай гана абал болбосун, жамандыкты жакшылыкка жоруй билген жана багыт алган максатына жетүү үчүн кыйынчылыктарга багынбаган адам ийгиликтерге жетишет.
"Азия Ньюс" гезити