“Акыркы жылдары сөз эркиндигине карата чоң көйгөйлөр жаралууда”

-- Өлкөбүздөгү сөз эркиндигинин абалы кандай? Эл аралык коомчулуктан алсак, “Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 122-орунга келди” деген статистика жарыяланыптыр. Бул маалымат негиздүүбү?
Рамазан Дырылдаев:
-- “Кыргызстандагы сөз эркиндиги 122-орунда” деп эл аралык уюмдар баа бергенине караганда, сөз эркиндиги биз ойлогондой эмес го. Себеби, башкы прокуратура, соттор баш болуп, “Азыттык”, КЛООП”, “Кактус медиа” деген көз карандысыз сайттарды тизгиндөөгө аракеттерди жасашты. Мына ошонун баары эл аралык уюмдардын көңүл борборунда болду. Ошон үчүн “сөз эркиндиги төмөндөдү” деген коңгуроо кагып, 122-орунга түшүп калганыбызды айтып жатышат. Бул маалыматка чычалагандын ордуна чындыкты мойнубузга алышыбыз керек.
Клара Ажыбекова:
-- Кыргызстанда сөз эркиндиги бар. Ошон үчүн ким эмнени кааласа, ошону сүйлөп жатат да. Чынында “сөз эркиндиги жок” деп арман кылбай койсок деле болот. Кээ бирөөлөр сөз эркиндиги болгону үчүн сөгүнүп да жатышат го... Мунун баары эркиндигибиз муунтулбаганынан, каалагандай сүйлөө мүмкүнчүлүгүбүз бар экенинен кабар берет.
Айбек Теңизбаев:
-- Сөз эркиндиги жаатындагы статистикалар бизди алдабайт. Чынында акыркы жылдары бул тармакта чоң көйгөйлөр байкалууда. Бир топ эркин медиага каршы сот иштери ачылды жана активист, саясатчылар кээ бир саясый маселелер боюнча айткан ойлору үчүн куугунтукталууда. Эгерде биз демократиялык, эркин мамлекет курабыз десек, мындай практикалардан алыс болушубуз абзел. Кыргыздардын эмнеси бар? Бизде эркиндиктен башка эч нерсе жок. Мамлекетибизди өнүктүрө турчу нерсе так ушул эркиндик. Ошол себептен улам өзүбүздүн өнүгүү сырыбызды буубай, тескерисинче, жакшы шарт түзүшүбүз зарыл.
"Азия Ньюс" гезити