Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талибдер аялдарга эркектин коштоосу жок жолго чыгууга тыюу салды

Талибдер аялдарга эркектин коштоосу жок жолго чыгууга тыюу салды

27-декабрь, 12:11
1 065 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

"Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) түзгөн Ооган өкмөтү такси айдоочуларына эркектердин коштоосу жок узак сапарга чыгам деген аялдарды автоунаага отургузууга тыюу салды. Жаңы сунуштамага ылайык, хижаб тагынбаган аялдар да транспорттун бардык түрлөрүнө отура алышпайт.

Талиб өкмөтүнүн ыйманды алга сүрөө жана адеп-ахлаксыздыктын алдын алуу боюнча министрлиги дал ушундай сунуштама чыгарганын 26-декабрда мекеменин басма сөз катчысы Мухаммад Садик Акиф ырастады.

Кабулдук атын атагысы келбеген айдоочулардын бири талибдер айдоочуларга автоунаада музыканын добушун катуу чыгарууга болбой турганын да эскертишкенин "Азаттыктын" ооган кызматына айтып берди.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Human Rights Watch укук коргоо уюмунун аялдардын укугу боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары Хизер Барр талибдердин жаңы сунуштамасын айыптап, мындай чектөө "аялдарды туткунга айлантып коёрун" эскертти.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер