Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өмүрбек Суваналиевдин өмүр жолундагы айрым эрдиктерин эске салалы

Өмүрбек Суваналиевдин өмүр жолундагы айрым эрдиктерин эске салалы

26-февраль, 12:59
1 496 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      Генерал Өмүрбек Суваналиевди “коркок, качып кеткен” деп шыбашса, чынында эле күлкүң келет. Анын эр жүрөк саясатчы экенин элибиз жакшы билет. А соцтармакта ошондой тескери мааниде каралоолор жазылыптыр. Баягы эле фейктер тарабынан...

     Айталы, 2005-жылы Рысбек Акматбаев Ала Тоо аянтына боз үй тигип, бийликти коркутканы эсибизде. Президент, өкмөт, депутаттар жетип барышып, өздөрүн жоготуп коюшканы белгилүү. Агездеги Бишкек ШИИБ начальниги Өмүрбек Суваналиев мыйзамдын тили менен аянттагы башаламандыкты алеки саатта жайгарып, опур-топурду тазалап, тартипке келтирип койгону факт. Рысбек Акматбаев кечтин кириши менен жок болуп кеткен...

     2009-жылы Камчы Көлбаев “Мыйзамдагы ууру” макамын алып, Нарынга кримавторитеттер менен тойлогону келгенде, максатына жеткен эмес. Себеби, Теңир Тоодо Өмүрбек Суваналиев губернатор эле. Жогорку жактын суранычына карабай, Камчы Көлбаевди келген жолуна салган. Бул боюнча агезде ЖМКлар дүңгүрөп жазышканы эсибизде. 

     Ал эми 2010-жылдагы түштүктөгү кыргыз-өзбек кагылышында Өмүрбек Суваналиев Ош ОИИБнин начальниги болуп барып, тез аранын ичинде туруктуулукту, тынчтыкты камсыздоого зор салым кошкон. Бирок, Роза Отунбаеваны референдум аркылуу президент кылып шайлоого каршы чыгып, кызматын таштап кеткен, себеби, бул саясый позиция эле. Кан төгүлүп, апаат жаңы бүтүп атса...

     Соңку мисалга келсек, Баткендеги жаңжалда Өмүрбек Суваналиев тажик тараптын делегациясына жолугушуп, согушту токтотуу келишимин түзүп, чечүүчү ролду ойногон. Бул күн 2021-жылдын 29-апрели болчу. Мына ошол убакта айрым чагымчылар облустук администрацияга барышып, “Суваналиев ордунда жок турбайбы” деп каралап чыгышкан. А генерал-губернатор чек арада элибиздин тынчтыгы үчүн жан үрөп иштеп аткан да. 

       Ушундай. Биз Өмүрбек Суваналиевдин өмүр жолундагы айрым гана эрдиктерине токтолдук. Негизи тизмектей берсек арбын, кыйын күндөрдө тарых жаратып келди да...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер