Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ленара Ниязбекова: “Учурда жеке амбициялар менен кара баштын өзүмчүлдүгү үчүн күрөш жүрүүдө”

Ленара Ниязбекова: “Учурда жеке амбициялар менен кара баштын өзүмчүлдүгү үчүн күрөш жүрүүдө”

27-август, 14:08
456 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өлкө тагдыры жүрөгүңүздү оорутарын дайым ачык айтып келесиз. Бүгүнкү бийликке жулкунган абал дагы жандүйнөңүздү аңтар-теңтер кылып тургандыр?..

-- Учурдун добулбасы уруп, өлкөнүн тагдыры, анын ичинде мени курчап турган коомдун тагдыры дагы бир ашууга келип кептелди... Агы-көгү, кызылы-жашылы, кыскасы, эли-журтка ак кызмат көрсөтөм (!) деген баардык мекендештер шайлоого аттанды. Бул жолу да ЖКга баруучулардын катары күндөн-күнгө көбөйүп, мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу да орун алмашуулар мобилдешкени алаканга салгандай көрүндү. 

Бул орун алмашуулар партиялык шайлоонун принциптери дагы деле чийки экендигинин далили болду. Мейли бийликчил, же мекенчил деген партиялар жеке жонтеринин кызыкчылыгынан чыга албагандыгына өкүт менен карап турабыз. Эң өкүнүчтүүсү, депутаттык креслонун даамын таткандар ЖКны менчиктештирип, өз үй, өлөң төшөгүнө айландырып алуу менен Кыргыз мамлекетинин саясый-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошмок турсун, бүгүнкү эки айрылыш жарга кептеп койгонуна карабай, мурдагы шайлоолордо берген убадаларын ишке ашырганды кой, кара башынын, жеке бизнесинин, өз капчыгынын кызыкчылыгын коргогон, жалпы мамлекеттик-элдик кызыкчылыктарга каршы мыйзамдарды таңуулап, өлкөнүн экономикалык-социалдык, коопсуздук абалын тобокелге кептеп, дагы деле жулунушуп жатышат.

-- Аларды көрүп саясатка баш ургандар кандай ойго түртүүдө?

-- “Устаттан шакирт өтүптүр” таризинде шайлоого аттанышууда... Тилекке каршы, ал жээк, бул жээкте мамлекетти мамлекет катары түптөп турган элибиздин кызыкчылыгы, улуттук аң-сезим калыптанбай, шайлоо алдындагы өнөктөштүк саясый кызыл кулактык менен коштолуп отурганына калың журт күбө. Тилде башка, дилде башка ниеттер... Аттиң! Кыргыз мамлекетинин коопсуздугу кимдин колунда? Келечегичи? Тилекке каршы, бүгүн ЖКдагы “алтын акыр” баарынын башын маң кылды. Себеби, ЖК деген майкөл-сүткөл экендигин айрыкча саясаттын сабындагылар мыкты түшүнүп калышты. Ал эми шайлоо өнөктөштүгүндөгү тизмелер канчалык тагдыр чече алышат? Бул тууралуу сөз башка, олуттуу...

Бүгүн көпчүлүк партиялар “Акүйгө барсак, өлкөнү гүлдөтөбүз, коррупцияга чекит коёбуз” деген ширин-ширин сөздөрдү айтып, кыялданып жатышат. Албетте, кыял жакшы. Бирок бул кыял, ал эми дилде башка шайтандар... Шайлоого бараткандардын ичинде эң кур дегенде 1% мамлекеттин өнүгүүсүнө чын дилден башын сайгандар бар. Тилекке каршы, булар да өз партиясынын, о.э. жети баштуу өзүмчүлдүктүн курмандыгы болбойт (!) деп ким кепилдик бере алат? Учурдагы саясый кызыл кулактык элдин эсин эки кылды. "Эми кимди шайлайбыз? Баардык партиялар эле бирдей болуп калды?" деп ичинен сыздаган эл. Чынында, кайсы партияны алба, тегерегинде кара булут. Айрымдарында саясый кызыл кулактык болсо, айрымдары кайсы бир саясый долбоорлор – элди алаксытуу, сооротуу... Азыр шайлоо эмес, жеке амбициялардын, кара баштын өзүмчүлдүгү үчүн аёосуз күрөш жүрүүдө...


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер