Мага жабыша баштады, бирок аны каалабай калдым...
Мен аны көбүрөөк сүйдүм. Бул факт. Муну эч ким тана албайт. Ал үчүн бүт жашоомду жыйыштыргам. Ага мунун кереги жок болчу экен.
"Ооруп калыпмын, дары ала келе аласыңбы?" деп биринчи жолу өтүндүм. Турсам, ашканада тамак ичип отуруптур. Дары сурадым. “Ары барчы!” деп колун шилтеп койду. Мен ары кеткен жокмун, мен андан алыс кеттим...
Бүгүн бир нерсени байкадым. Ага бир дагы чалбай койдум. Чалгым келген жок. Мурда күн алыс чалып, кайда экенин сурап турчумун. Өзгөрдүм.
Кечээ кызуу келди. Достору менен кафеде отуруп, кыздар менен таанышканын айтып, мени адаттагыдай кызганат деп ойлоду. Көңүл бурбадым. Кызыккан да жокмун. Өзүнө окшоп ийинимди куушуруп койдум. Кайра өзү тамаша экенин айтып, өзгөрүп калганымды билдирди. Мага жабыша баштады. Мен аны каалабай калдым...
Кайра өзү чалды. Алган жокмун. Мурда чуркап, шашат элем. Азыр башкамын. Телефон өчкүчө карап турдум. Анан кайра жумушумду уладым.
Мени сөкчү, түртчү, капа кылчу, ачуу сөздөрдү айтчу. Ошонун баары акыры таасирин берди. Рахмат! Өзүм сага болгон сүйүүнү өлтүрө албайт болчумун. Сага болгон сүйүүмдү сен өзүң өлтүрдүң. Ошого ыраазымын!
Дары алып келип бербегениң себеп болгон жок. Мени сүйбөгөнүң негиз түздү. Ошентип бүттү. Корккон жокмун. Эртең эмне болмок эле? Адаттагыдай эле күн чыгат. А мен башка үйдө ойгоном. Анан жумушка барам. Балмуздак жейм. Бир гана жанымда сен жок болосуң. А мен кайгырбайм. Сендейди сүйө алган жүрөгүм, башкасын деле сүйсө керек. Мен ага дагы мүмкүнчүлүк берем...
Нурайым
"Азия Ньюс" гезити