Мен оорусам карабаган кайын журтум уй ооруса жабыла чуркагандары таңгалдырды
Ар бир үйдө келинге ар кандай мамиле болсо керек. Бирок биздин үйдө ушундай мыйзам: келинди кулдай эле кабыл алышат. Жайды жайлата маңдай тер төгүп талаада иштеп, күздө бир көйнөк кийгенге татыбай, акчаларын кысып-кымтып отуруп жок кылышат. Оюңду айтканга уруксат эмес. Жакында элдин баары вируска чалдыкканда ал дартка мен дагы кабылып, ооруп калдым. Канча күн бою дене табым көтөрүлүп, тамак иче албай катуу оорудум. Таңгалдырганы, үйдөгү кайната-кайненем, күйөөм бир ооз “эмне болуп жатасың? Эмне дары алып келели?” деп сурап да коюшкан жок. Тескерисинче, ооруп жатканыма кыжырлары келип, жек көрүп жаткандарын сезип жаттым. Жакында саан уюбуз ооруп калды. Баары чуркашты. Ветеринарды алып келип, укол сайдырышты. Кантип айыктырууну кошуна-колоңдон сурап, жандары калган жок. Ошондо “бул үйдө уйча дагы ордум жокпу?” деп көзүмдөн жаш сызылды. “Кантип эле ушундай болсун?” деп ишенбейт чыгарсыздар. Бул чындык. Айылда келиндерге карата ушуга окшогон окуялар көп кездешет.
Дилбар