Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Россиядагы санкция кирген товарларды Кыргызстанга ташып атып, кыйчалыш абалга дуушар болдук”

“Россиядагы санкция кирген товарларды Кыргызстанга ташып атып, кыйчалыш абалга дуушар болдук”

03-февраль, 22:39
1 210 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргызстандагы төрт компанияга АКШнын санкция киргизгени, алтын контрабандасы боюнча эл аралык басылмалардын жазып жатышы эмнени билдирет? Өлкөдөгү өндүрүлгөн алтындардын отчету берилеби?

Айылчы Сарыбаев, профессор:

-- Санкция дегени согуш ачканы. АКШны акшыңдап тынч жаткан мамлекетке санкция дегенин эл аралык бандитизм деп түшүнүш керек. Анткени, АКШ “дүйнө алкагындагы каракчы болуп көнүп калган. Көңүл бурбай өз оокатыбызды кыла берели. Отчёт береби, коёбу – чоңдордун иши. Отчётун кимге берет эле? Уксаң эмне кыла аласың, формалдуу парламенттин колунан эч нерсе келбейт. Курултай болсо кудай шылдың бирдеме болуп калды...

Ташболот Балтабаев, экс-депутат:

-- Менин түшүнүгүмдө АКШ Кыргызстандагы банктарга, компанияларга санкцияны алтын контрабандасы үчүн киргизген жок. Кыргызстандагы компаниялар, банктар Россияга салынган санкцияларды аттап өтүшүп, ал жактан товарларды Кыргызстан аркылуу өткөрүп жатканы үчүн ушундай жагдай жаралды. Ошон үчүн Кыргызстандагы банктарга, компанияларга санкция салынды.

Рамазан Дырылдаев, укук коргоочу:

-- Кичинекей өлкөнүн АКШнын санкциясына дуушар болушу өлкөнү кыйын абалга түртөт. Бизнес чөйрөсүндөгүлөр же болбосо чоң киреше табууга ашыккан компаниялар Россиядагы санкция кирген товарларды Кыргызстанга ташуу аракетин жасашып, ушундай кыйчалыш абалга дуушар болушу мүмкүн. Кансе да, бул жакшылыкка алып барбайт.

“Санкциядан чыгарып бергиле” деп биздин өкмөт кайрылып жаткан имиш. Бирок, ал өтүнүчкө АКШ көңүл бурабы-жокпу кудай билет. Себеби, биздин бизнес чөйрө көбүнчө Россия менен байланыштуу. Америка менен анча-мынча эле ишкерлер иштешет.

 Ал эми бул санкцияга алтын канчалык деңгээлде байланышы бар экенин турмуш көргөзөт. Аны “Темиров лайф” изилдеп жүрөт. Канчалык деңгээлде айткандары чын же жалган экени азырынча билине элек. Анын божомолдору айкындалса бир жөн. Толук кандуу маалыматтардын баары ачыкка чыкса билинет. “Мүмкүн алтынды мамлекет сатып жаткандыр” деген да жоромолдор бар. Аныгы айтылганча байкап туралы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер