Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кусунду” ичкендер кутурушуп, Ахматбек Келдибековду эмнеге каралашты?

“Кусунду” ичкендер кутурушуп, Ахматбек Келдибековду эмнеге каралашты?

11-февраль, 21:10
3 113 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Азия Ньюс” гезити жеке булактарына таянып, Ахматбек Келдибековдун АКШга элчи болуудан баш тартканын жазган. Океандын ары жагына кетип калса, жетиштүү ресурстарын пайдалана албай каларын, чектөөгө алынып, элден алыстап, рейтинги да түшүп кетерин билдирген эле. Саясатта, аткаруу кызматында бай тажрыйбалуу Ахматбек Келдибеков келечекке карай арканды алыс ыргытуу менен тарыхый күрөштөргө, олуттуу сыноолорго барары болжонгон. Акылы, тажрыйбасы толуп-ташып турганда, эл үчүн эмгек жасап, улуу иштердин өтөөсүнө чыкса болот да. Алтымыш асый курактын карааны көрүнө электе, бийик ашууларды багындырары шексиз эмеспи. Мына ушундай аруу тилек, изги ойлордун таризинде кеп удулу кабыргасынан коюлган... 

Анан эле ээ-жаа бербеген, “кусундуга” чала тоюп алган шанаңдаган жазмакерлер ала-шала түшө былжыраган сөздөрүн агытышып, көпчүлүгү шыбап жатып калышыптыр. Кичине арыдан бери акыл калчашып, адамгерчилик, сыпайы мүнөз күткөндү билишпейби? Кээ бирлери “фейк-фабриканын” уюгунан баштарын айлантып алышканбы, айтор, ооздорунан ириген сөз чубатышып, өздөрүнүн кирдүү жүздөрүн көрсөтүп жатышты. Эрксизден гана жылмаясың да...

Аныгында, Ахматбек Келдибеков “ыплас короонун ичиндеги жугундукорлорго” маани бербегени, чет жерде жүргөнү белгилүү. А “көрбөгөндүн көргөнү курусун” дегендей, карды жакшы тойбогондор кожоюндары үчүн эрдик кылып жатышкандай шедиреңдеп алышты. Андайларга айла жок. “Ийри таяктан түз көлөкө түшпөйт” эмеспи, оозуна алы жетпегендер, сабатсыздар жаза беришсин, сайрай турушсун. Кезеги келгенде кылган кара иштери үчүн өкүнүшөттүр...

Ал эми Ахматбек Келдибеков салабаттуу, чоң саясатта жогорку орду бар, чайпалбаган, күндүн жарыгындай энергия берген сейрек инсан. Көчтүн алдында баратат да, ошон үчүн арттагы “кандектерге” кол серпип, алардын “үргөнүнө” карап да койбойт...


Атайын “Азия Ньюс” гезити үчүн

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер