“Күйөөң башка аял менен жашап жүрөт” деген кабар төбө чачымды тик тургузду
Бул жашоодо баарынан эмне оор? Эмне кайгылуу? Мен “бир адамга болгон ишеничтин, урматтын, сүйүүнүн өлгөнү” деп айтаар элем. Мен өзүмдү телегейи тегиз, бактылуу жанмын деп эсептечүмүн... Үч баланын энеси болуп, жашым ортолоп калганда турмушумдан оор сокку алып, көз жашымды көлдөтүп отурам.
Жолдошум Амир экөөбүз беш жылдай сүйлөшүп жүрүп турмуш жолуна аттанганбыз. Баш кошкондон бери да бактылуу жашообузду улантып келдик. Мен ага негедир өзүмдөн да артык ишенип алыпмын. Өтө эле баёо, байкуш аял экенимди кеч түшүнүп, эми боздоп отурам. Бир күнү күтүүсүздөн курбу келин чалып калды. Телефондон өткөн-кеткен көп нерсени кобураштык. Акырында Айгүл:
-- Акыркы убакта Амир жөнүндө көп сөздөр болуп жатат го, мамилеңер жакшы элеби? - деп калды.
-- Жакшы элебиз. Кандай сөздөр экен?
-- “Экөө ажырашканы калыптыр. Балдар үчүн жашады аты болуп, Амир башка аял менен жашап жүрүптүр” дешти го?..
Бул суук кабарды угуп, төбө чачым тик турду. Бирок чындап эле Амир кийинки күндөрү башкача болуп, баскан-турганы көбөйүп кеткен эле. Ал курбу келинди ортого салып сураштырып отуруп, бат эле Амир менен мамилелеш келин ким экенин, кайда жашаарын билип алдым. Ал келин жашаган жерди акмалап отурдум. “Мен уккан нерсенин баары жалган чыгып калгай эле. Бул көргөндөрүм түшүм болуп калса кана!” деп Кудайдан тилей бердим. Бирок, ал түшүм да эмес, жалган да эмес болуп чыкты. Мен Кудайымдай ишенген Амирим менден бир топ жаш кичүүрөк аял менен көтөрүнүп алып, бактылуу болуп үйүнө кирип кетишти.
Сааттын гана чыкылдаганы угулат, чык... чык... чык... күтүп отура бердим. Көгөрүп отура бердим. Арадан беш-алты саат убакыт өттү. Ал чыккан жок. Күзгүгө тигилдим. Азыр менде кайдагы сулуулук? Мурдагыдан толуп алгам. Жүзүмдү бырыш желелеген. Баардык күчүмдү, жүрөгүмдү, жандүйнөмдү Амирге, балдарыма арнап, мен эчак эле өзүм үчүн жашоону унуткам. Менин ишеничим, сүйүүм өлүп, жашоомдун кунары качып, басууга жол түгөнгөндөй сендиректеп кайдадыр бараттым. Жашоону жек көрүп бараттым. Бул жашоодо баарынан эмне оор? Эмне кайгылуу? Ишенич өлүмү... Сүйүү өлүмү...