Бакыт Сеитов: “Министр Улан Ниязбековдун ардагерлерди колдогону өзгөчө баага татыйт”


ИИМдин ардагерлеринин коомдук бирикмесинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Бакыт Сеитов менен маанилүү маек.
-- Милициянын тарыхы ардагерлер менен бекем байланышта эмеспи, ошол тууралуу кеп куруп берсеңиз?
-- Милициянын ардагери келечек муун үчүн өзүнчө тарых жана кенч десем жаңылышпайм. Алардын коомдук тартипти сактоодогу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү кылган кызматы эч качан унутулбайт. Жаш муундардын, айрыкча бүгүнкү күндө күжүрмөн катарда иштеп жаткан кызматкерлердин алардан үлгү алганга толук мүмкүнчүлүгү бар. Анткени учурда биздин ар бир райондук бөлүмдөрдө, облустук, шаардык башкармалыктарда, борбордук аппараттын кызматтарында жана башкармалыктарында ардагерлер кеңештери үзүрлүү иш жүргүзүп келе жатышат. Биз ар бир ардагердин жаштыгы кызматка арналгандыгын, ал эми жүрөгүндө кайраттуулук, жоопкерчилик сезимдери мекенине арналып келгендигин жакшы билебиз.
Кыргыз милициясы башынан оор күндөрдү өткөрдү, ошол күндөрдө ардагерлер катарда иштеп жаткан кызматкерлер менен бирге туруп, ак менен караны ажырата билүүдө, мыйзамды туу тутуп, иштеп жаткан кызматкерлерге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк боло алышты. Ардагерлер бири-бирин колдогон коллективдүү принциптен тайган жок. Милиция ардагерлеринин өмүрү милициянын патриоттуулугуна ширелип калган, ал өмүр бою алардын жүрөгүндө кала турганын жакшы билебиз.
Милициянын ардагерлеринин тарыхы тереңде эмеспи. Биз учурда ИИМдин ардагерлеринин тарыхын кайрадан изилдөөгө алып жатабыз. СССР ички иштер министрлигинин 1960-жылы жарык көргөн №540 буйругунун негизинде бизде ардагерлер кеңеши ошол жылы октябрь айында түзүлгөн деп айтылып жүрөт, бирок бул так маалымат эмес. Тарыхта ачык, так айтылгандай, 1960-жылдын 13-январындагы Н.Хрущевдин жарлыгы менен СССР ички иштер министрлиги жоюлуп, коомдук тартипти сактоо ишмердүүлүгү союздук республикаларда, Кыргыз ССРинде да ички иштер министрлиги түзүлгөн. 1960-жылы Кыргыз ССРинин ички иштер министри болуп Мухамбет Исаев дайындалып, бир гана жыл иштеген. Ал министрликке чейин Тянь-Шань облустук партия комитетинин биринчи катчысы болуп иштеп турган. 1961-жылдан 1967-жылга чейин Владимир Ушаков министр болуп иштеген. 1966-жылдын 23-декабрында “коомдук тартипти камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө кырдаал солгундап кетти, тартип жана уюштуруу иштери аксады” деген жүйөлөр менен КПСС БКнын Генералдык катчысы Л.Брежневдин чечими менен мамлекеттик деңгээлде СССРдин ички иштер министрлиги болуп кайрадан түзүлгөн. Ал эми союздук республикаларда ошол бойдон ички иштер министрликтери иштеп келет. Ошентип 1960-жылдан 1967-жылга чейин Москвадан СССР ИИМинен бир да буйрук келген эмес экен. СССР кулагандан кийин, 1991-жылдан баштап баардык КМШ мамлекеттеринин ички иштер министрликтеринин ардагерлер кеңеши кайрадан уюштурулуп, анын түзүлгөн күнүн 1991-жылдан бери белгилеп келишет. Атүгүл СССР ИИМинин ардагерлер кеңешин уюштуруу боюнча 1969-жылкы, 1985-жылкы буйруктарына карабастан, 1991-жылы Россия Федерациясынын ИИМинин ардагерлер кеңешинин түзүлгөн күнү деп 17-апрелди белгилеп, туура 20 жылдан кийин, 2010-жылы ички иштер министри Р.Нургалиевдин убагында буйрук чыгып, так датасы аныкталган. Бизде ардагерлердин так датасы эч кандай документтер менен бекитилген эмес, ошондуктан ар кандай даталар айтылып келген, ага биз архивдик документтерди иликтөөдө күбө болдук. Учурда РФ ИИМинин борбордук архивинен жооп күтүп жатабыз. Бирок республикадагы баардык ардагерлер кеңештеринин сунушу менен ИИМдин жана ички аскерлердин ардагерлеринин күнү катары атайын буйрук менен 1-октябрь белгиленди. Бирок эртеби-кечпи бул маселеге кайра кайрылып, так датаны аныктоо иш-чараларын улантабыз, жаңы сунуштарды киргизебиз деген ишеничтебиз.
-- ИИМ жетекчилиги тарабынан ардагерлердин ишин уюштуруу кандай жолго коюлган?
-- Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун ички иштер органдарынын жетекчилеринин алдына койгон 10 багыттан турган тапшырмасында өздүк курам арасында таалим-тарбияны күчөтүп, моралдык принциптерди бийик койгон кадрларды даярдап, кызматкерлердин деңгээлин жогорулатуу боюнча окутуп-үйрөтүү жумуштары ар бир жетекчиге жүктөлгөн. Ардагерлер менен иштөө, алардан жакшы насааттарды алып, өздүк курамга жайылтып, мекенди сүйүү, өлкөнүн коопсуздугун көздүн карегиндей коргоо жана патриоттуулукту чыңдоого үндөгөн иштерге басым жасалсын деген тапшырмалар коюлган. Мына ошол тапшырмаларды ар бирибиз колдоп жана аткарууга тийишпиз. Анткени ардагерлер бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын резерви болуп саналат. Ардагерлердин ишин мындан ары да өркүндөтүү, аларга кам көрүү максатында ИИМ жетекчилигинин түздөн-түз көрсөтмөсүнүн негизинде багыттар аныкталган. Ага ылайык ардагерлер кызмат өтөп жаткан жаш кызматкерлерге укук бузууларга каршы күрөшүүдө, улуттар аралык ынтымакты чыңдоодо туура багыттарды көрсөтүп, жаштар арасында адеп-ахлактык, патриоттук жана улуу муундарды урматтоо сезимдерин жогорулатууга өзгөчө көңүл буруу керек. Ошол себептүү министр Улан Ниязбековдун колдоосу менен мыкты иштеген ИИОнун жана ички аскерлердин ардагерлер кеңештеринин төрагаларына жана облустар менен шаарларда биринчи орунду алган райондук ардагерлер кеңештеринин төрагаларына Түркия мамлекетине жеңилдетилген эс алуу жолдомолору да берилди. Ошондой эле ардагерлерге өзгөчө көңүл буруу багытында ИИМдин көрсөтмөсүнүн негизинде жергиликтүү милиция жетекчилери ардагерлер кеңештери менен биргеликте аймактагы ИИОнун ардагерлери менен жолугушууларды өткөрүп, алардын үй-бүлөлүк жашоо шарттарын, көйгөйлөрү менен жеринде таанышуу, медициналык жардам көрсөтүү, алардын маселесин чечүүнү жана максаттуу жардам берүү керектигин да белгиледик. Ошондой эле ички иштер министрлигинин жетекчилиги ардагерлерди колдоо максатында алардын эс алуусуна шарт түзүү максатында “Джержинец” жана “Аалам” эс алуу жайларына быйыл былтыркыга салыштырмалуу жеңилдетилген путевкалар көп бөлүнүп берилди. Ар бир ардагердин юбилейине ички иштер министринин буйругу менен атайын сыйлыктар берилип турат. Ошондой эле өз убагында коомдук тартипти сактоого салым кошкондуктары үчүн белгилүү майрамдык даталарда жылына миңге чукул ардагерлер сыйланып турушат. Пенсия маселеси боюнча да ИИМ жетекчилиги тийешелүү деңгээлде көңүл бөлүп, иш жүргүзүп келүүдө. Биз ИИМ жетекчилигинин колдоосу өзгөчө маанилүү экендигин билебиз, сезебиз жана ал сый менен урматты ар бир ардагер жүрөгү аркылуу баалайт деген ишеничтемин.
-- ИИМдин ардагерлер кеңешин кимдер башкарган, аларга токтоло кетсеңиз?
-- Албетте, биз алардын эмгегин унутуп коюуга укугубуз жок. Алар Владимир Лукшт, Абдылда Исабаев, Федор Гущин, генерал Жапар Шабиров, Самаркул Рыспаев, Сагын Наматбаев, генералдарыбыз Токтожума Жээналиев, Жоломан Шаршенбаев жана полковник Султан Жоошбаев сыяктуу даңктуу агаларыбыз менен сыймыктанабыз. Ар бири баарыбызга үлгү. Алар ар кандай кыйынчылык учурларда коомдук тартипти сактоодо жаш муундарга үлгү көрсөтүп, аталык мээрими менен иш тажрыйбаларын бөлүшүп келишкен. ИИМдин тарыхында менин төрагаларым өзгөчө орунду ээлеп турат. Биз аталарыбыздын ар бири менен сыймыктана алабыз.
-- Ардагерлер кеңеши кандай мыйзамдык ченемдик багыттар менен иш жүргүзөт?
-- Ички иштер органдарынын жана ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин ардагерлеринин көптөгөн сунуштарынын негизинде жаңы устав юстиция министрлигинен каттоодон өттү. Жаңы уставга ылайык, райондон баштап ички иштер министрлигинин төрагасынын иштөө мөөнөтү төрт гана жыл болот. Отчетун угузат да, төрагалыгын өткөрүп берет. Эгерде анын талапкерлиги кайрадан көрсөтүлсө, шайлоочулар колдосо, ал өзү кааласа, анда эл катары шайлоого катыша алат. Бирок, бир төрага эки мөнөттөн ашык төрага болууга мүмкүн эмес. Жаңы уставга ылайык, Бишкек шаарында, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарында жаңы төрагалар шайланды. Учурда ардагерлерди колдоо максатында атайын коомдук фонд ачуунун аракетин көрүп жатабыз.
Кыргыз милициясынын борбордук аппаратынын, облустук жана райондук ардагерлер кеңештери менен дайыма үзгүлтүксүз түрдө байланышып, жашоо турмушубузга тийешелүү кандай гана маселе, көйгөй болбосун, мүмкүн болушунча чечүүнүн үстүндөбүз. Облустук жана шаарык ардагерлер кеңешинин төрагаларынын баардыгы үлгүлүү иштеп жатышкандыгын да белгилей кетмекчимин.
Улуу муундар, ардагерлер эрдиктин жана ар-намыстын үлгүсү, милициянын мыкты салттарын сактоочулары катары тарыхта калышат. Алар азыркы күнгө чейин күчтүү адеп-ахлактын өзөгүн сактап, жаш кызматкерлердин калыптанышына жардам берип, татыктуу жетекчилерди даярдап, өз жамааттарындагы баардык маанилүү маселелерди чечүүнү колдоп келе жатышат.
Эми кеп соңунда айтарым, ар бир төрага, ар бир ардагер ишти жакшыртууда мыкты иштеши керек, калыс болушу парз жана ички иштер министрлигинин учурдагы күжүрмөн, алдыга кадам таштаган коопсуз өлкөнү курууга багытталган саясатын колдоо иретинде, анын иштеп жаткан ишинен да кабардар болушу керек деген ойдомун.
Коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө өз убагында кызмат кылган ар бир ардагердин күжүрмөн ишмердүүлүгү, баатырдыгы, эрдиги, кайраттуулугу жана каармандыгы келечек муун үчүн өзүнчө тарых жана кенч. Бар болуңуздар, аман болуңуздар, урматтуу ардагерлер! Бизге тийешелүү маселелер менен көйгөйлөрүбүз учурда чечилүүгө багыт алган маселе катары коюлуп отурат. Мен жогоруда ардагерлердин күнүнө учкай токтолуп кеттим, биз бул багытта тарыхты тактай турган “тегерек үстөлдөрдү”, конференцияларды уюштурууну пландап турабыз. Учурдан пайдаланып, ички иштер министрлигинин жана ички аскерлердин баардык ардагерлерин келе жаткан майрамдары менен чын жүрөктөн куттуктап, бекем ден соолук, барктуу, дөөлөттүү карылык каалап, ар дайым аманчылыкта, эсенчиликте болушуна тилектешмин!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











