Балдарга жасалган кайдыгерликке төкмө акын да кабатыр

Төкмө акын Идирис Айтбаев каникулга чыккан балдардын абалына кейип кайрылуу жолдоду.
“Окуучуларды вирустан улам “үйдө отурсун” деп билим берүү мекемелерин жапты. Бирок сыртта (двор) короо толо балдар ойноп жүрүшөт. Мектепке чогулбасын деп, кайра дворго чогулгандын кандай айырмасы бар? Бирөөсү топ менен, бирөөсү жерге коюп кагазын уруп, бирөөсү бекинип, бирөөсү жерге отуруп телефонун чукулап, кирип-чыгып жаткан машиналардын чаң-түтүнү аралаш короо... Кайдыгерликтин кесепетинен балакет келбесин, Кудай сактасын!
Балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, үйдө сабак даярдатып, үйдө отурууга үйрөтөлү. Тазалык, өздүк гигиена жөнүндө талаптарды күчөтөлү. Эртеден кечке телефон, телевизор менен аң-сезимин уулабай, китептерди белгилеп бериңиз, айтылган убакытта окуп бүтүрсүн” дейт.