Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мавлян Аскарбеков, жарандык активист: “Биздин казынаны көбөйтүү элдин эсебинен жүрүүдө”

Мавлян Аскарбеков, жарандык активист: “Биздин казынаны көбөйтүү элдин эсебинен жүрүүдө”

02-июнь, 17:00
1 546 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Июнь айынан тарта уюлдук телефондорду каттоого алып, салык салынары айтылууда. Эл кандай кабыл алат?

-- Тилекке каршы, биздин “казынаны көбөйтөбүз” деген максат менен элден ар түрдүү акча чогултуулар жүрүп жатат. Салыктардын түрлөрү, көбөйүшү, мамлекеттик кызматтардын айлыгынын көбөйүшү да себепкер.

Кечээ жакында эле кыймылсыз мүлктү каттоо да бир топ эсе көбөйдү. Ага чейин унааны каттоо да бир топ көбөйгөн. Азыр эми уюлдук телефонду каттоо жана ага акча төлөө киргизилди. Эл түшүнүшү керек. Биздин казынаны көбөйтүү элдин эсебинен, элдин терисин тескери сыйруу менен жүрүүдө. Негизи экономикада либерелдаштыруу жүрүш керек эле. Элибизге, ишкерлерге шарт түзүп берип, арзан, жеткиликтүү насыяларды берүү, салыктарды жөнөйкөлөштүрүү менен шарт түзүп берсе, анан эл оокатын кылып, салыктарды төлөп, салык көлөмү көбөймөк. Учурда өкмөт СССР убагындагы түшүнүк менен экономиканы жайлатып, казынаны күч менен толтуруп жатышат. Тилекке каршы, эл муну түшүнмөйүнчө эч нерсе өзгөрбөйт. Ачыгын айтканда, биздин өкмөт башчы союз убагында окуган, союздун түшүнүгү менен жашаган адамдар. Аларда азыркы базар талабы, элдин эркиндиги, ишкерликтин укугу деген түшүнүктөр жок. Элден тоноп, салык киргизип, айып пулду көбөйтүш керек... Ушундай жолдо бара жатышат. Биздин эл муну түшүнгөндө гана бир нерсе өзгөрөт. Болбосо салыгын төлөп, мамлекеттик кызматтагылардын көбөйгөн маянасын төлөп жүрө бермекчи.

Чолпон-Ата шаарында "Барашек" деген чоң ресторан болгон. Кыргызстанга, көлгө келген элдин баары ал ресторанга барып эс алчу. Ал жерде көп кыргыздар иштеп, үй-бүлөсүн багып, салыктар төлөнүп турчу. Азыр ал ресторан талкаланып жатат. Биздин экономиканын бүгүнкү абалы ушундай. Тартып алмай, талкаламай, бирок экономикага эч пайдасы жок. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер