Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аялын өлтүрдү деп шектелип, качып жүргөн киши кармалды

Аялын өлтүрдү деп шектелип, качып жүргөн киши кармалды

05-декабрь, 12:38
663 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош облусунда аялынын өлүмүнө шектелип, издөөдө жүргөн 29 жаштагы жигит кармалды.
Устүбүздөгү жылдын 21-май күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын 1967-жылы туулган тургуну Ю.К. Кара-Суу РИИБге оозеки түрдө кайрылып, 9-апрель күнү Ынтымак айылында жашаган өзүнүн 1995-жылы туулган кызы. Э.нин асынып алганын, бирок кызынын асынып алышына күйөө баласынан күмөн санап жатканын кошумчалаган.

3-июль күнү Ош ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан маркум Э.нин денеси көмүлгөн жерден казылып алынып, эксгумация жүргүзүлгөн. 30-июль күнү соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыгып, каза болгон келиндин денесинин бардык жеринде көк ала жана кандын уюганы бар экендиги, маркумдун тирүү кезинде бир канча жолу катуу токмок жегени аныкталган.   

Маркумдун сөөгү казылып алынып, анын ур-токмоктон улам каза болгонун уккан күйөөсү 1990-жылы туулган А.С. ошол замат эле изин жашырып качып кеткен. Кара-Суу РИИБ тарабынан издөөгө алынып, качкан күйөөсү шектүү катары 3-декабрда гана кармалды.
Каза болгон келиндин артында үч кызы калды, улуусу 4 жашта, ортончусу үч жашта, кичүүсү бир жашта. 

Учурда кылмышка шектүү делген күйөөсү кармалып, сурак иштери башталды.
 

Aryba.kg
 



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер