Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сулуу судья Назгүл Илиязова “Азия Ньюс” гезитин актады

Сулуу судья Назгүл Илиязова “Азия Ньюс” гезитин актады

01-август, 19:48
1 911 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Соттордун адилетсиздигинен, аксымдыгынан, сатылмалыгынан карапайым жарандар эле эмес, чындыкты жазып, адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн журналисттер, гезиттердин редакциялары да запкы көрүп, курмандыкка чалынып келатат. Бул жагынан түгөнгөн сайын түтөгөн кептер өтө көп. Биз болсо өзүбүзгө тийешелүү соңку гана фактылар боюнча азыноолак токтололу.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун мурдагы судьясы Тынара Абдиева (азыр Чүй облсотунда судья) элди аткан, чыккынчы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин пайдасына “Азия Ньюс” гезитине бир миллион сом айып пул салган. Ошол эле Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкулов Баткен облусунун мурдагы башчысы “Жеңиш Разаковдун пайдасына бир миллион сом өндүрүлсүн” деп чечим чыгарган. Ал эми Ж.Разаков Баткендин жерлерин тажиктерге өткөрүп бергени, ага чара көрүлбөй жатканы тууралуу эл президент Садыр Жапаров менен жолугушууда айтышты, кийин сайттарга чыккан маалыматтар да муну ырастады. Тынара Абдиева, андан кийин Чыңгыз  Адамкуловдор чыгарган адилетсиз чечимдер Жогорку сот тарабынан жокко чыгарылган.

Октябрь райондук сотунун судьясы ошол эле Чыңгыз Адамкулов мурдагы министр, азыркы бозгун Кашкар Жунушалиевдин айдактоосу менен полковниктер К.Өскөнбаев, Т.Акматовдордун “Азия Ньюс” гезитинин үстүнөн жазган доо арызын канааттандырып, гезитке айып пул салып, доогерлердин ар бирине 100 миң сомдон төлөп берүү тууралуу чечим чыгарган. Доогерлер кыргызча сабатсыз болгондуктан, арызды орус тилинде жазышкан.

Биз Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкуловдун чечими менен макул болбой, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык тартипте арыз менен кайрылганбыз. Бишкек шаардык сотунун курамына Н.А.Илиязова (төрайым), А.А.Досмамбетов, Ж.Ж.Молоевдерден турган коллегиясы апелляциялык арыздын жүйөлөрү менен таанышып чыгып, тараптардын түшүндүрмөлөрүн угуп, Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкулов чыгарган чечимдин төмөндөгүлөрдүн негизинде жокко чыгарды. “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумунун “Ар-намысты, жеке ишкердик репутацияны коргоо тууралуу талаш-тартышты чечүү боюнча соттук тажрыйбалар жөнүндө” токтомунун 10-пунктуна ылайык, талаштын предмети жарыяланган материалдын тилинде талкуу жүргүзүлүшү зарыл. Ал макаланын котормосу талаштын предмети боло албайт. Себеби, макаланын котормосу жарыяланган эмес. Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкулов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумунун жогоруда көрсөтүлгөн токтомунун талаптарын сактабастан, туура эмес чечим чыгарган.

Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкулов процессуалдык укуктук нормаларды орой бузган, ошонун негизинде Кыргыз Республикасынын Жарандык-процессуалдык кодексинин 4-пунктунун 339-беренесине ылайык Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкуловдун чыгарган чечими жокко чыгарылат жана доогерлердин койгон талабы четке кагылат...

 Кыргыз Республикасынын Жарандык-процессуалдык кодексинин 338-339-343-344-беренелерин жетекчиликке алуу менен жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегия 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2021-жылдын 16-апрелиндеги чечими толугу менен жокко чыгарылсын жана жаңы чечим кабыл алынсын.

 Т.У.Акматов менен К.Ж.Өскөнбаевдин “Азия Ньюс” гезитинин редакциясын төгүндөө жарыялоого, моралдык зыян үчүн компенсация төлөөгө милдеттендирүү тууралуу талаптарын койгон доо арызы канааттандыруусуз калтырылсын”.

Сот реформасы кайсы бир деңгээлде ишке ашып жатканын Бишкек шаардык сотунун курамына судьялар Н.А.Илиязова (төрайым), А.А.Досмамбетов, Д.Ж.Молоев кирген жарандык жана экономикалык иштер боюнча коллегиясынын “Азия Ньюс” гезитине байланыштуу адилет чыгарган чечими далилдеп турат. Соттор ушундай таза, калыс иштесе өлкөдө өнүгүү болору бышык.

Ток этерине келсек, “Азия Ньюс” гезитин актаган сулуу судья Назгүл Илиязовадан коллегалары үлгү алса, адилеттүү коом курууга багыт алат элек.



“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер