“Манастын уулу Семетейди” улап, эми “Манас” тартылабы?
“Манастын уулу Семетей” тасмасы коомчулукту катуу уу-дуу түшүрдү. Айрымдар “эпос бурмаланган, кыргызды уят кылчу тасма” дешсе, экинчилери “эпосту, элибизди дүйнөгө даңазалачу кыргыздын эң баалуу, номер биринчи кыргыз киносу” дешти. Тасманын сценаристи жана продюсери Өмүрзак Төлөбековду “кыргыз маданиятына шек келтиргени үчүн жоопко тартыш керек” деген, тескерисинче, “мамлекеттик жогорку сый-урматка бөлөш керек” деген кайчы пикирлер айтылууда. Аңгыча продюсер “Манас” эпосу боюнча анимациялык тасма тартуу аракети башталганын билдирди.
Төмөндө Төлөбековдун ой-пикирин сунуштайбыз.
“Тасмабыз чоң резонанс жаратты. “Манас” үчилтиги кыргыз эли үчүн ыйык, баалуу чыгарма. Аны адеп киного тартып атсак... Биз ушуну айкын сезип, элге сиңген пьесага таянганбыз. Кыскасы, бул күтүлгөн реакция... Маанилүү калпыстыктарды кетирбөөгө кам урганбыз. Алар чуру-чуу салгандай эпостун негизги мааниси бурмаланган эмес. Адегенде эпос драмага айландырылып өзгөрүлсө, кинонун талаптарына ылайык дагы өзгөрүүлөргө учураган болгону.
Айрымдар мага катуу сын пикир жаадырышып, сотко бермек болушуп, кол топтоп... Ызы-чуу түшүштү. Манасчылар, оппозициячыл саясатчылар, мага атаандаш маданият, кино мыкчыгерлери, Манас бабабыздын сөөк өчтү кастарынын, Коңурбай менен Кыястын, Абыке менен Көбөштүн укум-тукумдары... Ызырынып, тиш кайрашты.
Башында “Россия, Кытай менен биргелишип, эл аралык долбоор катары тарталы” десек: “Чет өлкөлөрдөн акча алып, ошолордун кызыкчылыгында тартканы жатат” деп чыгышкан. Четтиктер менен биргелешпей анан өзүбүз эле тарттык.
“Хан ордого 5 боз үй тигишиптир” дегендер болду калпты урдуруп.
Хан ордодо тоонун кууш жеринде беш эмес, ондон ашык, ылдыйлата жүздөгөн боз үй тигилип турат Семетей Ала-Тоого келгенде... Айтор, ынанымдуу аргументтери жок айлалары кетип, жалаң жалган менен жалаа жабышты... Манасчы Көчөрбаев: “Резиденцияда жаңы жылдын астында президент катышканда 28 кишинин тасмага баары каршы болгон” деп жомок урдуруп, мени баш кылып баарыбызды каршы кылып таштаса...
Кино тармагында жүргөндөрдүн бир тобу кыйкырышты. Таалай Кулмендеев: “Стили жок” дейт. Алардын ошол стилде тарткан кинолорун эл көрөбү, бирөөнү сындаардан мурда өздөрүнүн чыгармаларын бир сын көз менен карап коюшса болмок. Эми Айбек Дайырбеков: “Манастын уулу Семетейди” толук араң чыдап көрдүм. “Дарак ыры” прокатта 8 ай турган” дептир көкүрөк кагып. “Дарак ырын” мен чыдап толук көргөн да эмесмин. Алар көп ай турушса рекламага өкүртө камчыланышкан. А биз атүгүл, кино театрларга койбой, азыркы шартка жараша түз эле эл аралык акы төлөнүүчү интернет жана теле каналдарга чыгарууга ниеттенгенбиз. “Чет өлкө үчүн тартылганбы, биз эмнеге көрбөйбүз?!” дешкендеринен Бишкекте кино театрларга койгонбуз. Ал эми кинотеатрларга эл жайнап келген прокаттык кинону алардан мурда биз тартканбыз - “Президент жана бомж” элдик тасмага айланган. “Манастын уулу Семетей” болсо, жеңил-желпи прокаттык эмес, салмактуу, олуттуу тасма. Буюрса, бир аз убакыттан, жарым жылдан кийин таразалайлы, кыргызга салмактуу тасма болуп “Манастын уулу Семетей” кызмат кылабы, же, ошол “Дарак ырыбы”?.. Андан ары: “Семетейдин тагдыры сиздикине окшош деп президентти көндүргөн” дегендей божураптыр. Бул эми ошол Айбекке окшогон тар түшүнүктөгү киночунун көз карашы. Анан да: “Нетфликске өттү” деп алдаган” дейт. “Нетфликстин” Стамбулдагы дирекциясы (коомдук байланыш боюнча Пелвин, менеджер Экен) менен бир нече ирет пикир алышып, атүгүл, Америкадагы борбордук офисине чыгып, “Семетей” сериалын, кийин “Манас” анимациялык тасмасын тартуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп аткандыгы бүт документтерде турат...
Дагы бир аттуу-баштуу киночу катуу сындай албай сыпаа: “Анча мыкты болбой калыптыр” дептир. Ошентишет да. “Мыкты экен, кыргыздын номер биринчи киносу болуптур!” дешмек беле оппоненттерим.
Куру сындап тим болушпай, тасманы токтотууга далбасташты. Айласыздан Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повестин кыргыз жазуучулары катуу сындашып, чыгарбоого жан үрөшкөнү, ага карабай талант басылбай, чыгарма аалам аралап кеткени эске түшөт.
Арийне, кемчиликсиз чыгарма болбойт. Мүмкүнчүлүк жетпеген мүчүлүштүктөр жок эмес. Антсе да эл аралык аренага чыгууга жарамдуу фильм жаратууга жетишкенибизди Москва, Анкара шаарларындагы көрсөтүүлөрдө жана аралыктан байланышууларда эл аралык бир катар кино адистер тастыкташты.
Эң башкысы эпосту окубаган, манасчыларды суткалап укпаган, “Манас” үчилтигинен бейкабар басымдуу көпчүлүк катмарга, ириде жаш муундарга улуу эпосубуз, андагы каармандар тууралуу учкай болсо да баалуу маалыматтарды жайып, элибиздин ыйык мурасын өркүндөтүүгө салым кошууга далалат кылдык...
Москва, Анкара шаарларынан кийин эми Тегеран, Сеул, Дели... Көп өлкөлөрдүн киночулары менен кызматташып атабыз. “Манастын уулу Семетейден” улам эл аралык ири кино компаниялар менен улуу “Манас” эпосубуздун негизинде анимациялык кино тартуу тууралуу сүйлөшүүлөр башталды, буюрса. Канчалык дүйнөлүк ири кино компания, айталы Голливуд, Болливуд, стриминг платформа “Нетфликс”, “Амазон”, же Россия, Кытай, Турция өңдүү чоң жана көп өлкөлөрдүн кино өндүрүшчүлөрү катышса, ыйык эпосубуздун тасмасы ааламды ошончолук көбүрөөк араламакчы... Россия, Кытай, Турция киночулары менен “Семетейди” тартаарда чогуу иштешүүнү сунуштаганда алардын ар бири “Биз бир миллион доллар кошсок, ал жетпей, кино чыкпай, анан же каражат кайтарылбай арада калган окуялар болду эле” деп чочушса, эми “Манастын уулу Семетейди” көрүшүп, чоң ишеним менен “Манасты” чогуу тартууга шыр макулдук беришүүдө.
Жооптуу тасманы жалаң “Манастын уулу Семетейди” тарткан топ эмес, улуу чыгарманы белгилүү кино ишмерлер Султан Раев, Садык Шер-Нияз, Эрнис Абдыжапаров өңдүү аттуу-баштуу кино ишмерлерди сосценарист, сопродюсер, сорежиссёр, көрүнүктүү манасчылар Талантаалы Бакчиев менен Ырыспай Исаковду кеңешчи болуп, чогуу, жабыла ишке ашырууга чакыраар элек...” деп Өмүрзак Төлөбеков ой бөлүштү.