Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кылмыш иши козголгон Улан Ниязбеков кантип “министр” болуп отурат?

Кылмыш иши козголгон Улан Ниязбеков кантип “министр” болуп отурат?

29-октябрь, 03:05
750 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2010-жылдан кийин Улан Ниязбеков улам алмашкан министрлердин колтугуна кирип, контрабанда, уурдалган машиналарды “крышевать” эткени жалганбы? Өлүм жазасына кеткен адамдар менен мамиле кылып, баңгизаттарды калкалап жүрдү беле? Биз тике суроо берип атабыз. Жооп береби? Андан соң аралашкан фамилиялар жөнүндө кеп кылалы... 

Учурдагы ички иштер “министри” Улан Ниязбековго кылмыш иши козголуп, ИИМден айдалганы факт. Арты таза эмес. Бул боюнча өздүк курам жакшы билет. Же эмне үчүн сурак бергенин, камалып кетүүгө аз калганын да чечмелейлиби?.. 

ИИМде кылмышкерлер менен күрөшкөн оперлер бааланат. Коомдук-коопсуздук кырдаалга салым кошкондор, милиция үчүн күйгөндөр абройлуу да. “Честь-мундирди” кандай чечмелейбиз? Системага салым кошуунун маңызы эмнеде? Улан Ниязбеков өмүр бою “чарбачы”, колго суу куйган кызматтарда иштеп келгенин танабы? Өмүрүндө уюшкан кылмыштуу топтун бир өкүлүн кармаганбы? Опер болбосо кайдан аралашмак эле? Муну участковыйлар да сыйлабайбы? Себеби, олуттуу кылмыш иштерин ачпаптыр да, туурабы?..

“Министр” кызматына жетүү үчүн Улан Ниязбеков “жашыруун” делген 7-башкармалыктын начальниги болчу. Кызыгы, кызмат абалынан кыянаттык менен  пайдаланып, эки-үч фронтко маалымат сатып, бизнес кылып келгени ыраспы? Айыбы ачылса, жалпы милициянын абийирин төккөнү ачыкка чыгабы? Мындай “шектүү кадрдын” буйругун өздүк курам кантип угуп отурат? Уят! 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер