Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арстан Алай: “Кыргызстандыктар коронавирустан ооруган жок”

Арстан Алай: “Кыргызстандыктар коронавирустан ооруган жок”

06-август, 19:43
2 396 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Арстан иним, бу аты жаман илдеттин бар экенине дагы деле күмөнүң барбы?

-- Ооба. Мен айткандай болот да. Кыргызстандыктар коронавирустан ооруган жок. Коронавирус болсо, биринен бирине жугуп, үй-бүлөлөр, чогуу жашагандар, байланышта болгондор оорумак жана өлмөк. Адамзат көп доорлорду басып өтүп, гени жетилди, өсүмдүктүн жазында уругу эгилип, күздө жетилип бышат. Терип албаса чирийт. Ошол сымал адам ааламдын ролун аткарбаса, денеси ууланат, чирийт. Кан менен тамактанган органдар жарылат, жоюлат. Эгер бул илдет бар болсо, вирустун очагы айтылмак, Бишкек же Ош деп, ал жок. Канча миң кишини каттоого алды, өлүмү жок эле айыгышты. Байланышта болгон үй-бүлөлөр, жакын адамдар оруган жок. Ковид – бул эпидемия. 

-- Адамзаттын мээрими жөнүндө көп сөз кылып келесиң, азыркы абал тууралуу байланыш барбы?

-- XXI кылымда адамдын гени жетилгендиктен органдары чоң кызматка өтүү керек. Мисалы, көз тийип, сөз тийгендей, өпкө, боор, өт, ичеги-карын, баш, жүрөктүн дагы көмүскө чоң кызматы бар. Бабалар “ташбоор киши” же “боорум оруду” демекчи, боор эки дүйнөгө мээрим төкпөсө ууланат. Жынысына, улутуна, тилине, динине карабай, адамзатты улуу энергиянын ээси катары мээрим төгүп жаратыш керек. Биз бала кезде турмушунан ажырашып келген айымдарга энелер мээрим төгүп, “кыздын чырагы кырк, жолуң ачылсын” деп, багын ачып, бата берип коюшчу. Табиятка мээрим төгүшчү. Ата-тек арбактарга мээрим төгүшчү. Жетим-жесирлерди журтка калтырбай кароого алып, мээрим төгүшчү. 

Азыр адамдын жандүйнөсү жарды болуп, улутка, динге, аял-эркекке бөлүп, байлык, бийликке берилип, арыздашып, атаандашып, эмоцияга алдырып... Ушундай менен гана чектелип боору катыды. Мээрим болуп чыкпагандан кийин кан коюуланып, өпкө, жүрөк органдар жабыркоого учурайт. Боор сыяктуу өпкө дагы абаны тазалап, жашоону боёп туруучу кызматы бар. Аны медиктер билбе бербейт. Духту көтөрүп, сыйкырчылыкты иштетпесе, өпкө караят, дем алуу оорлойт, адам кырсыкка учурап калышы толук мүмкүн.

-- Адамдагы эмоция тууралуу да бир ой айткандай болдуң эле?..

-- Аалам, ата-тек арбайлар жерге энергия болуп түшкөнү абанын курамы коюу болду. Аны өз учурунда иштете албагандан өпкө оору көбөйүп отурат. Ал эми динге, байлык, бийликке, пендечиликке берилген пенделер табият койнунан жоюлат, жок болот. Эмне үчүн балдар, өспүрүмдөр ооруган жок? Анткени, өспүрүмдөрдө эмоция, дин, пендечилик деген түшүнүктөр жок. Ошондуктан алар оорубайт. Элди эскичиликтен, ашыкча эмоциядан боштондукка чыгаруу керек.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер