Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түркия – биздин стратегиялык өнөктөшүбүз

Түркия – биздин стратегиялык өнөктөшүбүз

20-июнь, 21:35
694 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз мамлекети эгемендикти алган алгачкы күндөн баштап коңшу өлкөлөрдөн, анын ичинен Түркия Республикасы биринчилерден кол сунуп, бир туугандык жылуу мамилесин көрсөтүүгө умтулду. Ынтымак-ырашкердик алакалар арадан 30 жыл өтсө да күчүн жоготпой келатканына күбө болуп келүүдөбүз. Бир топ ири стратегиялык долбоорлор Түркиянын жардамы менен Кыргызстанда ишке ашты. Алсак, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, “Кыргыз-Түрк достугу” заманбап ооруканасы, Кыргызстандын ар бир дубанына курулуп жаткан бала бакчалар ж.б.у.с. жалпы суммасы 8 млрд. доллардан ашкан инвестициялар жардам катары берилип келди. Жакында эле элчи тарабынан, коронавирус учурунда Түркиядан Кыргыз мамлекетине 350 миң доллардан ашуун гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул кадамдар Түркия мамлекети Кыргызстан үчүн тарыхый эле эмес, заманбап кандаш өлкөлөрдүн бири экенинен кабар берип турат. Азыркы заманбап дүйнөлүк аренада Түркия саясый жана экономикалык державага айланды. Экономикалык потенциалы жана аскерий күчү боюнча Европанын алдыңкы мамлекеттери менен теңтайлашып турган учуру. Демек, Түркия Кыргыз мамлекети үчүн стратегиялык өнөктөш. Биз кызматташууну социалдык же билим берүү тармагы менен гана чектебей, экономикалык процесстерди өнүктүрүүгө да аракет кылышыбыз керек. Себеби, Түркия Кыргыз мамлекети үчүн дүйнөлүк аренага көпүрө болуп, Европа, АКШ ж.б. геоэкономикалык ареналарга чыкканга жол ачат.

Тилекке каршы, бул чоң үмүттөрдүн аткарылышына буга чейинки эски бийлик бөгөт коюп келген. Эң өкүнүчтүүсү, эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин салкындашына Түркия тарап эмес, кыргыз тарап көбүнесе салым кошкондой болгон. Себеби, Кыргыз саясый коому FETO уюмунун саясатынын таасирине тереңирээк чалдыгып, расмий Анкаранын боордош жардамдарына жана мамилесине түшүнбөстүк жана кайдыгерлик менен мамиле жасап келген. Бул өтө туура эмес көрүнүш. Кыргыз мамлекети бир уюмдун саясатына алданбай, расмий Түркия мамлекети менен кызматташууга жана достошууга аракет кылганыбыз оң. Биздин келечегибизди тек гана Батыш өлкөлөрү же Россия аркылуу эмес, Түркия аркылуу да курушубуз керек. Түркия биз үчүн – стратегиялык өнөктөш!


Максат Чаки 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер