Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрөбай Зулпукаров байлар салыкты көбүрөөк төлөөнү сунуштады

Төрөбай Зулпукаров байлар салыкты көбүрөөк төлөөнү сунуштады

28-октябрь, 17:44
596 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров салыктын төлөнүшүн элдин социалдык абалына карата төлөөну сунуштады.

Төрөбай Зулпукаров салык төлөөдө карапайым элге тиешеси жок болушу керектигин айтты:

“Ашкере байлыкка салык деген бар. Ошону сиздер күчөтүңүздөр. Мүмүкүнчүлүгү бар чиновник жана бизнесмен көбүрөөк салык төлөшү керек. Бирок жалпы элге жайылтылбагандай болушу абзел. Муну эске алыңыздар”, - деди эл өкүлү.

Зулпукаров андан кийин күйүүчү майды чек арадан ташып  өтүүдө бюджетке миллиард сомдон ашык каражат түшпөй калганын да баса белгиледи.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы каралып, бир топ маселелер талкууга алынды.

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер