Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирлан Орозбаев: “Кредитин төлөй албай каза тапкандар көбөйдү”

Мирлан Орозбаев: “Кредитин төлөй албай каза тапкандар көбөйдү”

24-июль, 10:43
2 777 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мирлан, кечээ күндүн ысыгына карабай, он чакты адам Ала-Тоо аянтына чакан митингге чыгышты. Алардын арасында сен да жүрдүң. Чыккан эл эмнеге нааразы?

-- Азыркы учурда бизге белгилүү болгондой, Кыргызстандын көпчүлүк эли кредитке, карызга батып бүттү. Эң кызыгы, бул кредиттин үстөк пайызы Орто Азия мамлекеттери боюнча бизде гана өтө жогору экен. Муну көзөмөлгө алган, элдин шартын түшүнүп, кызыкчылыгын коргогон эч бир уюм же коом, ишкана жок экен. Кредиттин айынан үлүш жерин, жашап жаткан турак жайын алдырып, талаада калгандар толтура. Анысы аз келгенсип, кредитин төлөй албай санаага батып жүрөк ооруларынан инфаркт, инсульт илдетине кабылып кырсыкка учурагандар андан көп. Ал эми ишке жарамдуу жаштарыбыз чет мамлекетке гастарбайтер болуп кеткендеринин себеби да ушундан деп билем. Ушул жат нерсени биз коомчулукка көтөрүп чыгып, бийлик башындагыларга коңгуроо кактык. Мейли президент болобу, же ушуга жооптуулар көңүл буруп, банктар менен сүйлөшүп, кредиттин пайызын азайтканга жол ачылсын деп ушундай акцияларды баштадык.

-- Бул акцияңар коомчулук тарабынан туура кабыл алындыбы?

-- Туура эле кабыл алды. Жаныбызга келип биздин идеяны туура түшүнүп, колдой тургандар арбын экенин билдик. Биз баштадык, демек акырына жетебиз!   



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер