Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Келдибек Ниязов, КР эл артисти: “Комузду чет жерге Асек Жумабаев таанытып, 68 өлкөдө гастролдо болгон”

Келдибек Ниязов, КР эл артисти: “Комузду чет жерге Асек Жумабаев таанытып, 68 өлкөдө гастролдо болгон”

16-май, 09:00
356 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Келдибек байке, Асек Жумабаев агабыздын көзү тирүү болгондо 9-майда 100 жашка чыкмак экен. Легенда адам жөнүндө учкай кеп кылсак кандай болот?

-- Айтмакчы, Асек байкебиз менен эң көп жанында жүргөн Асанкул Шаршенов, анан мен болдум го. Андыктан, баары көз алдыма тартыла түшөт. Ченебеген киши эле! Сымаптай чачырап турчу. Токтоо жүргөн учурларын аз байкадым. Шаарга жаңыдан келгенде эле ал кездин эң таанымал адамдары, анын ичинде Асек байкемдин курчоосуна туш келдим. Азыркы тил менен айтканда, “звезда” адам экен. Тээ 50-60-70-жылдарда эл арасында “кыргыздын таза классикалык ырларын уккуң келсе, анда сен түз эле Асек Жумабаевге бар да, анын ырдаганын ук!” деген лакап кеп кенен тараптыр. Андан сырткары, “Айчүрөк” операсында Күлчоронун, “Кыз Жибекте” Шегенин, “Алтын кызда” Калыбектин, “Бойдоктордо” Тойтуктун, “Токтогул” операсында Арзыматтын, анан эң эле атактуу делген Насыр Давлесовдун “Аста секин колукту” музыкалык комедиясында Маркабайдын партияларын катыра ырдап, жогорку деңгээлде аткарчу. Атай, Мусанын ырларынан тышкары Калмураттын, Сартбайдын, Боогачынын бир да ырларын калтырбады. КР эл артисти, Эмгек Кызыл Туу ордени ж.б. көптөгөн мамлекеттик сый-ургаалга татыды.

-- Муса Баетовго жолукпай калганын арман кылып айтыптыр, ушу жагдайды билсеңиз керек?

-- “Чоң арманым ушу, Муса менен кездеше албай калбадымбы” деп айтып калган жайы бар. 1948-жылга чейин Ысык-Көл драма театрында иштеп, Көлдүн Койсары курортуна концерт койгону барышат. Барышса эл уу-дуу, “Муса Баетов курортто эс алып жатат” дешип, анан күндүз кечке издейт, таппайт, көрсө, Абдылас Малдыбаев келип, экөө бир жакка кетип калган болот. Кечинде “Баетов менен Малдыбаев концерт көрүп атат” деп артисттер сүрдөп, коркушат. Ошондо “эмне болсо ошо болсун” деп бир стакан “оттуу суудан” басат да, Мусанын ырларын эч калтырбай ырдайт. Бүткөн соң прокурор досу менен буфетке кирип, анан Жети-Өгүзгө кетип, Мусага жолукпай калат. Муса Баетов концерттен кийин издеп, “Асек, мага сөзсүз жолук, Фрунзеге кел” деп кат жазып таштап кетиптир. Бир жылдан кийин 1949-жылы а киши каза болуп калбадыбы. Өлөрүндө Малдыбаевге “теңтуштук керээзим болсун, Асекти операга алып кел, менин ырларымды ырдасын” дептир.

-- Польша мамлекетине студенттер жана жаштар фестивалына катышыптыр...

-- Аскем 1955-жылы Польшанын борбору Варшава шаарында өткөн жаштардын 5-фестивалына барып, Мусакемдин “Бакытын”, Атайдын “Ой булбулун” ырдап, эл дуулдап кол чаап, кайра-кайра суранышат. Кээ бир ырды, менимче, “Ой булбулду” эки жолу ырдаптыр. Фестивалдын лауреаты болуп, гран-при алтын медалды жеңип алат. Кийин кыргыздын комузу менен Асектин бактысы ачылып, дүйнөнүн 68 өлкөсүн кыдырып, чыгармачылык гастролдо болду. Бул рекордду эч ким кайталай элек. Кыргыздын комузун чет өлкөгө Асек байке тааныткан, аны эч ким талаша албайт.

-- Биз кеп кылган Асек Жумабаев байкебиздин 100 жылдыгы эми мамлекет тарабынан белгиленбей калабы?

-- Азыр да кеч эмес. Бул жылды “Асек атанын жылы” деп, жок дегенде күз айларында, бышыкчылыкта алгач өзүнүн Теңир-Тоосунда, андан кийин өмүрүнүн акырына чейин иштеген опера-балет театрында мамлекет тарабынан белгилениши керек. Мындай маданий иш-чарага эч ким каршы болбойт. Нарын чөлкөмүнөн шайланган депутаттарга кулак кагыш! Мындайга Карганбек Самаков кыйын эле. Асек атасынын 100 жылдыгын татыктуу өткөрүп, колкабыш кылып коёт (!) деген үмүттөмүн.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер