Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мугалимдик кесиптен кадыр-барк тапкан Мукадас Камилова

Мугалимдик кесиптен кадыр-барк тапкан Мукадас Камилова

05-март, 20:32
864 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кадамжай районунда баардыгы болуп 86 мектеп бар. Аларда үч миңден ашуун мугалимдер иштешет. Айрым предметтер боюнча кадрлардын таңкыстыгы байкалат. Бөтөнчө балдар бакчаларынын аздыгы өкүнүчтүү. Мектеп жашына чейинки балдардын 40 пайызы да камтылган эмес. Жакында 100 жылдык юбилейине жеткен Жеңиш айылындагы Токтогул атындагы мектепте 690 окуучу билим алууда. Аларга 40тай мугалим билим берүүдө. Кыштакта мамлекеттин эсебиндеги бир гана “Жылдызча” деген балдар бакчасы бар экен. Айыл өкмөт кайда карап отурары түшүнүксүз. Азыркыдай жемкорлукка каршы күрөш күчөп, казынабызга каражат түшүп турган кезде неге жаңы стандарттуу бакчалар курулбайт? 

Камилова Мукадас Кабылжановна Токтогул мектебин ийгиликтүү аяктап, Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы гуманитардык-педагогикалык институтунун математика факультетин 2008-жылы жакшы аяктаган экен. Анын математиканы тандап алышына, олимпиадаларда жеңип чыгышына агайы Обид Абдурахимов чоң түрткү жана шык-дем бериптир. Мына жыйырма жылдан ашык мезгилден бери өзү окуган мектепте талыкпай эмгектенип келүүдө.  Мукадас жакшы үй-бүлөдө тарбияланып өстү. Атасы Кабылжан Камилов дыйкан чарбанын башчысы, Халмион айылдык кеңешинин депутаты, эл-журтту башкарган айыл аксакалдарынын бири эле. Апасы колунан көөрү төгүлгөн чебер-уз болгон. Көп балалуу бүлөдөгү бешинчи перзент экен. Аста-аста катардагы мугалим болуп иштеп, кадыр-барк топтоп, 2022-жылы жаңы бийликтин тушунда мектептин директорлугуна көтөрүлдү. Аны жетекчилик кызматка коюуда калыстыгын, эмгекчилдигин, жаңылыктарга тынбай умтуларын баалашты окшойт. Эжейдин кудайым бешенесине жазган үч кызы бар. Алар да апасынын кесибин улантышып, чоңу апасы окуган институттун педагогика факультетин аяктап мугалим болсо, ортончу кызы Ош мамлекеттик университетинде студент. Кенжеси Бишкекте 10-класста ийгиликтүү билим алып жатыптыр. Демек, мугалимдердин династиясы десек жаңылышпайбыз. Коомдук иштерден да калышпай бүгүнкү күндө Мукадас Камилова Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин депутаты катары жергиликтүү тургундардын наказдарын, өтүнүч-талаптарын аткарууга алынын жетишинче жардам берип келет. 

Жаны тынбаган, жаңылыктарга умтулган директор туурасында кесиптештери менен баарлаштым. Отуз жылдан ашык географиядан сабак берип келе жаткан, Фергана шаарындагы педагогикалык университетти аяктаган, устат педагог Дилорам Мурзадиловна Ахмадалиева мындайча ой бөлүштү: “Мектептеги окуу-тарбия иштери жакшы деңгээлде. Мукадас директор болгону тартипти бекемдеди. Биздин перзенттерибиз Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги тарабынан сунушталып чыгарылган окуу китептерин пайдаланышат. Өзүбүздүн өзбек тили менен адабиятын кошумча окутабыз. Президентибиз Садыр Жапаровдун демилгеси менен кабыл алынган руханий адеп-ахлак жана улуттук нарк боюнча жаш муундарга ар тараптан билим берүүгө умтулабыз”. 

Хуршида Абдырахманова, башталгыч класстар боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы: “Директор 2022-жылдан тартып жамаатты жетектеп, ата-энелер менен байланышты абдан чыңдады. Математика, физика сабактары боюнча сингапурдук алдыңкы тажрыйбаны үрөнүп, көп пайдалуу жактарын колдонуп жатабыз. Бизде окуучулардын саны кескин көбөйүп отуруп, Хайтмат Сабиров атындагы жана №85 мектеп өз алдынча бөлүнүп чыгышкан”. 

Дилноза Султанова, мугалим: “Мукадас Кабылжановнаны дээринен педагог деп ойлойм. Баардык мугалимдер менен тил табыша билет. Заманбап, изденгич, жаны тынбаган директор. Таланттуу педагог Гапыр Мадаминовдун “Энелер мектебин” биринчилерден болуп колдоп чыккан. Балдарга мектепте гана эмес, ар бир үй-бүлөдө жакшы тарбия, терең билим берилип, Авиценна, Бируни, Улугбек, Навои, Бабурдай залкар инсандар өсүп чыгышса деп ниет кылабыз”. 

“Бир чоң педагогикалык жамааттын башчысында бош убакыт болобу? Аны кантип өткөрөт?” деп сурасам, энергияга бай, демилгечи Мукадаскан апа салтын улантып, түн жарымга дейре убакыт таап, турмушка чыгып жаткан келин-кыздардын себин зор таланттуулук менен жасап, канчасынын ак батасына эгедер болуптур. Сеп саткан соода түйүндөрүнүн буюртмаларын алат. Ишемби, жекшемби күндөрү да машинасы тынбай “обонун созуп”, бешене тер менен үй-бүлөсүн адал эмгеги менен багууга көмөктөшөт тура. Мукадас мугалимдик кесипти чын дилинен урматтап, кадырлап-барктайт. Баардык балдарга тегиз, бирдей мамиле жасайт. Ар бирин өз уул-кызындай көрөт. Күн сайын улуу күн нурун чачып, эртең мененки тиричилик башталганда жарык маанайда мектебине шашат. Жумуштан соң үйүнө, бүлөсүнө ашыгарын билдирди. Чынында мындан өткөн бакыт да, сый урмат да жок тура. Ушундай асылкеч аялзаты көп болсо, мамлекетибиз да алга илгерилеп, арам оокат кылгандар, уурулар, паракорлор кыскарып, жашоо-турмушубуз оңолуп калар замандаш!


 Адылжан Жажанов, журналист  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер