Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды
Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды
14-июнь, 11:37

Баткен районунун Булак-Башы аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 14-июнь күнү таңга жуук ок атылды. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев “Азаттык” радиосуна билдирди.
“Ушул тапта Баткен облустук чек ара башкармалыгы менен райондук деңгээлдеги 20-22 аскер бөлүгүнүн командирлери жолугушууга кеткен. Сүйлөшүү бүтө элек. Райондун аймагында абал туруктуу”.
Маалыматка караганда, саат 6:50-7:00дө Булак-Башы аймагында тажик чек арачылары биринчи ок аткан. Ага жооп катары кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарган. Кыргызстандын чек ара кызматы 07:50дө тажик тарап гранатомет жана миномет менен кайра атып, саат 8:10дө атышуу токтогонун, бирок абал кооптуу экенин билдирди.
3-июнда ушул эле Булак-Башы аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып, Кыргызстандын эки жоокери жараат алган. Кыргыз тарап Тажикстандын чек арачылары Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн кабарлаган.