Бир келген жашооңорду мага окшоп кор кылбагыла
Мектепти аяктап, мугалим болууну кыялданып, окууга тапшырдым. Окуп жүргөндө бир улуу байкеден куда түшүп келишти. Атамдар “жакшы үй-бүлө, ошол балага беребиз” дешип, бир айдын ичинде той болуп кетти. Ал мезгилде он жети гана жашта элем. Турмушка, жаңы үйгө көнүшүм кыйын болду. Бишкекте жашап жүрдүк. Күйөөмө такыр эле көңүлүм жок, бирок билгизбейм. Анткени апам “кантсе да жолдошуң, сыйлаш керек, бейишиң ошол сенин” деп көп айтчу. Коёндой окшош күндөр өтүп жатты. Кайнене-кайната менен чогуу жашоого туура келип, айылга көчүп келдик. Мына эми мен үчүн жүрөк ооруткан жашоо башталды. Кандай кылсам да кайненеме жакпай койдум. Уруш-талаш менен жүрүп, төрт балалуу болдук. Ал ортодо өзүмдүн атама аба алмаштырыш керек болуп, үй-бүлөбүз менен Бишкекте туруп калышты. Бир күнү алар катуу оорушту. Атам бир бөлмөдө, апам өзүнчө бөлмөдө, эки бөлүнүп карайбыз. Ошончолук кыйналып турганда, жолдошумдун, кайын журттун колдоосу өтө керек экен, бирок андай нерсе болгон жок. Кышында атам каза болду. “Ашказан рагы” деп диагноз коюшуп, бир айдан кийин боордун рагынан апам каза болду. Ушунчалык жандүйнөм эзилет. Бир туугандарымды карап алып ыйлайм. “Эмнеге мынча оор сыноо берди жаратканым?” дейм...
Мына эки жылдан ашып калды, дагы эле ошондой күндөрүм өтүп жатат. Бирок көңүл болбосо кыйын экен. “Кийин көнүп кетесиң” деген туура эмес кеп. Ошондуктан кыздар, көңүлүңөр жактырган, силерди коргогон бала менен баш кошкула! Балдарым үчүн гана жашап жүрөм, бирок бул өтө оор абал. Бир келген жашооңорду мага окшоп кор кылбагыла!
Зарина
"Азия Ньюс" гезити