Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 30-35 күн суусуз калып, саргайган Бишкек

30-35 күн суусуз калып, саргайган Бишкек

16-июль, 14:47
650 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Качанкы бир кездерде жашыл шаар атын алган борбордун азыркы абалы начар. Бак-дарактар бир жагынан күйүп жатат, бир жагынан кыйылууда. Арыктарда суу жок.

«Бишкек жашылдандыруу чарбасы» ишканасынын башсычы Элнура Жолдошева жергиликтүү маалымат басылмаларынын бирине бул боюнча түшүндүрмө берди.

“Борбор калаанын кургакчылык көйгөйү бүгүн эле пайда болгон жок, жыл сайын ушундай. Бирок жылда бул көйгөй 7-10 күндүн ичинде чечилчү. Быйыл шаар 30-35 күндөй суусуз калды. Күн сайын үч канал аркылуу секундасына 3,9 куб суу алышыбыз керек. Бирок суу берүү 8-июнда токтоп калган, сууну биз өзүбүз ташып келбейбиз да, бизге сууну Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы жеткириш керек”.

Элнура айым сууну суранып жатып алып келишкенине бүгүн үч күн болгонуна, азыр күнү-түнү өзү баш болгон 150дөй кызматкер пандемияга карабай Бишкекти сугарып жатканына да токтолуп кетти.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер