Азиза Абдирасулова, укук коргоочу: “Биз акыйкатчыны шайлап, бирок мыйзам менен колу-бутун байлап коюп жатабыз”

-- Азиза эже, акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын парламентке отчёт берер мезгили келиптир. Ал кызматын кандай аркалап атат?
-- “Жаман иштеди” дей албайм. Мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче аракеттенди. Аны менен эки жолу иштештим. Ошондо маселе акыйкатчыда эмес, анын колу-бутун тушаган мыйзамдарда экенин түшүндүм. Ал киши өтө чечкиндүү боло албай жатканына, айрым маселелерди чече албаганына, акыйкатчы жөнүндөгү мыйзам Париж принцибине жооп бербегенин түшүндүм. Башка мамлекеттерде бул институт көз карандысыз болсо, бизде көз каранды. Себеби, ал жыл сайын Жогорку Кеңешке отчёт тапшырат. Эгерде отчёту парламентте жактырылбай калса, иштен кетирүүгө шарт түзүлөт. Бул туура эмес. Биз акыйкатчыны шайлап койгонубуз менен мыйзам менен колу-бутун байлап коюп жатабыз.
Кыргызстанда акыйкатчы “көз карандысыз иштесин, элдин укугун коргосун” десек, мыйзамга сөзсүз түрдө өзгөртүү киргизишибиз керек. Ошондой эле Жогорку Кеңешти тескеп, “акыйкатчынын берген отчёту кабыл алынбай калды” деген үстөмдүктөн арылталы. Акыйкатчыга берилген мүмкүнчүлүктөр анын облустук деңгээлдеги ишенимдүү өкүлдөрүнө да бериле турган кылсак, ошондо гана иш илгерилейт.
-- Жамиля Жаманбаева акыйкатчы болуп шайланганда көптөр “прокурор акыйкатчы боло албайт, айыптоочу адам” деп сындашкан. Сиздин пикириңиз кандай?
-- Токон Болотбекович акыйкатчылык кызматка келгенде башкалардан көбүрөөк мен каршы элем. “Бул киши мамлекеттик кызматта жүргөн. Ошондой эле УКМК төрагасынын орун басары катары иштеген. Керек болсо, укук коргоочулар менен саясатчылардын аркасынан аңдып жүргөн киши. Бул кантип акыйкатчылыкка жарасын?” деп катуу каршылык көрсөткөм. Анан тажрыйбасын иш жүзүндө көргөндөн кийин “каршы чыкпай эле коюш керек экен” деп ойлоп калгам. Себеби, Токон Болотбекович Кыргызстандагы акыйкатчы институтунда эң жакшы иш алып барды. Ошондо акыйкатчы жогорку кызматтын, мамлекеттик башкаруунун, дээрлик түзүмдүн ички дүйнөсүн билген адам болуш керек экенин түшүндүм. Токон Болотбекович көп жыл мамлекеттик башкарууда жүргөн үчүн, ал киши биз кайрылган фактылар боюнча сырды сактай билип, ошол эле убакта көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмүн көрсөттү. Ошон үчүн Жамиля Жаманбаева акыйкатчы болуп дайындалганда каршылык да кылбай, колдоо да көрсөткөн жокмун.