Дүйшөнбек Камчыбеков: “Көмүр боюнча улуттук компания түзүлсө жылыштар болот”
(Уландысы. Башы өткөн санда)
“Кыштын камын жазда көр” дегендей, күз кирип келди. Тез эле кыш келип, көмүр көйгөйү башталат. Кыргызстандагы көмүр кору, мекемелер, көйгөйлөр жана сунуштарды айтып, тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков ой бөлүштү.
-- Сиз айтып кеткен концепция кабыл алынып калса, бул жылы деле көмүр көйгөйүнө тушугарыбыз байкалып калды окшойт. Бишкек ЖЭБге эле ушунча көмүр керектелсе, калктын калың катмары кандай абалда калат?
-- “Эми баа өспөйт” деп айтыш кыйын. Балким, Россия менен Украинанын мамилесине байланыштуу, дүйнөлүк коомчулуктун санкцияларынын негизинде, биринчиден, биз пайдаланып жүргөн азык-түлүктөр кымбаттап жатат. Анын ичинде күйүүчү майлардын да баасы туруксуз. Андан сырткары, пайдалануучу тетиктердин баасы да өсүүдө. Ушуга байланыштуу көмүрдүн баасы канчага көтөрүлөрүн айтуу кыйын, бирок “өсөт” деп айта алабыз. Антимонополия канчалык аракет кылып көзөмөл жүргүзбөсүн, көмүрдүн баасы өсүп жатат. Биздин адистердин максаты – өлкөбүздө көмүр кору кенен болуп турса, жакшы концепция түзүп алып, өз көмүрүбүз менен толук камсыз кылып алсак, анда чоң жетишкендик болот. Бул жетишкендиктин артында жакынкы келечекте көмүр баасы арзандап да калышы мүмкүн. Себеби, өзүбүздү өзүбүз камсыз кылып, тийешелүү тетиктер болсо, жок дегенде бааны туруктуу кармап турганга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
-- Калкты көмүр менен камсыздоо боюнча түрдүү максаттар айтылып, колдоо болуп жаткандай...
-- Министрлер кабинетинде көмүр көйгөйүн чечүү боюнча жакшы аракеттер болуп жатат. Мисалы, жакында эле “Кыргызкөмүр” ишканасына жаңы 50 машина алып келинди. Биз өткөн жылы ӨКМди да кошо тартып, алардын техникасын алып, элге көмүр тартууда жардам кылдык. Көмүрдүн кымбаттап кетүүсүнө дагы бир себеп: жергиликтүү элдин техникасы бар ишкерлери. Алар көмүрдү жеринен тоннасын 1200дөн алып, өздөрүн чыгымдарын эсептеп туруп, анан сатып жатышты. Эгер биз “Кыргызкөмүр” ишканасына кошумча каражат бөлүп, кошумча техникаларды ала турган болсок, бул – мамлекеттин техникасы болот. Мамлекеттин техникасы менен жеке менчик ишканалардын техникасын иштетүүдөгү айырма өтө чоң. Ошого байланыштуу көмүрдү арзандатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Республиканын масштабында кайсы жерлерде кандай көмүр кесимдери бар болсо ушул боюнча жакшы программаларды түзүп, “кайсы жерден канча көмүр казып алабыз? Канчасы майда көмүр болот?” деп жаңы пландарды коюп, жаңы техникалар менен Бишкек ЖЭБге да, отун базаларга да көмүр тартып келсек болот. Бул маселени чечкенге толук мүмкүнчүлүк да, ишеним да бар. Жакшы көз караш, ишеним менен иш баштасак, эгемендүүлүгүбүзгө да салым кошкон болобуз.
Эң негизгиси, былтыркыдай көмүр тартыштыгы жаралбайт го. Учурда министрлер кабинети, президент тарабынан дагы “Кыргызкөмүр” ишканасына чоң көмөктөр көрсөтүлүүдө.
-- Энергетиктер да идеяларын сунуштап, тез арада Кара-Кечеге ЖЭБ кура калуу сунушун айтып келишет?
-- Чындыгында бул идея жакшы. Анда ошол эле 1 млн. 600 тонна көмүрдү Кара-Кечеден Бишкекке чейин ташып, бир эле мезгилде экологияны да, жолду да талкалабай, авариялык кырдаалдын жаралышынан арылмакпыз. Бул идея алтымышынчы жылдары эле иштелип чыккан. Ага да биринчиден инвестор таап, каражат карап, анан ишке салышыбыз керек. Же болбосо көмүрдү Кара-Кечеден куур менен тоо кыркалары аркылуу Бишкек ЖЭБге чейин алып келсек болот деген сунуштар бар. Же Кара-Кечеге ЖЭБ куруп, ошол жерден пайдаланып иштетип, бул жакка алып келүү керек.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити