Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асанбенк Стамовдун “Хан Тейиш” романы

Асанбенк Стамовдун “Хан Тейиш” романы

07-ноябрь, 19:30
545 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чейрек кылымдан бери кыргыз адабиятында тарых темасына кайрылуу тенденциясы күч алды. Анткени мурда илимий максатта гана пайдаланылып келген элдин этногенезине, уруулардын генеологиясына, тарыхый окуяларга, инсандарга байланыштуу санжыралар, миф, легендалар, уламыштардын, тарыхый баяндардын эгемендүүлүктүн жылдарында кеңири жарыяланышы менен элдин өткөн тарыхына кайрылуу, тегин сүрүштүрүү, даяр сюжеттерди көчүрүү, кокту баатырларын даңазалоо өзүнчө эле “бумга” айланды. Дилетантизмден өйдө көтөрүлө албаган саман-топону аралаш мындай чыгармалардын эсебин алуу, дурус-буруш жактарын электен өткөрүп, жалпылаштырып кароонун да кези келээр. 

Азыр болсо, 60-жылдары кыргыз адабиятына келип кошулган О.Султанов, А.Жакыпбеков, М.Гапаров, М.Байжиев, Т.Кожомбердиев, Ж.Мамытов сыяктуу “жаңы генерациядагы” (Ч.Айтматов) таланттуу муундун өкүлү, “Кеч күздө”, “Нөшөрдөн кийин”, “Чүй баяны” повесттериндеги эстетикалык ачылгалары менен окурман журтуна кеңири белгилүү болгон жазуучу Асанбек Стамовдун “Хан Тейиш” романы жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Жазуучу тарыхый темага 90-жылдары кайрылып, “Жортуул” романын жазган. Демек, ал “Хан Тейишти” жазууга качан эле камынып, чоң даярдыктан өткөнү, өзүнө чейинки тарыхый романдардын салттарын сын көз менен карап өздөштүргөнү көрүнүп турат.

Т.Сыдыкбековдун “Көк асаба” романын, Ш.Садыбакасовдун “Ак боз ат” драмасын эске албаганда, кыргыз адабиятында тарыхый жанрдагы чыгармаларда ХIХ кылымдагы кыргыз-казак чабышы уруулук араздашуулар Кохон хандыгы Орусияга кошулуу сыяктуу окуялар чагылдырылат. Ал эми XV-XVI кылымдардагы жунгар-ойрот доорунун “дыңы” бузула элек. Анан калса социализмдин алкагында калыптанган жазуучуларыбыз буга чейин эл каймагы болгон ак сөөктөрдүн, баатырлардын образдарын тарыхый чыгармаларда таптык позициядан карап бир жактуу сүрөттөп келген. Ушул кенемтени А.Стамов “Хан Тейиш” романындагы Манап бий, Чаа бий, Тейиш хан, Кошой бий, Байтик баатыр сыяктуу баатырлардын терең иликтенген жаркын образдары менен толуктаган. 

Жазуучу тарыхый турмуштун агымын панорамалуу чагылдырып, Манап бий, Чаа бий, Эр Эшим, Тейиш хан, Эр Кошой, Бишкек баатыр сыяктуу тарыхый инсандар биринчи планда индивидуалдуу мүнөздөрү, кыйын кырдаалдарда жол таба билген көсөм, чечкиндүү, көкжал сапаттары менен сүрөттөлөт. Сюжеттин өнүгүшүндөгү хроникалуу элементтер, композициялык көп пландуулук сыяктуу сүрөттөөнүн масштабдуулугун көрсөткөн негизги белгилер романдын көркөм структурасынын урунттуу жагдайларын түзөт.

Романда баяндоо эки планда жүргүзүлөт: каармандын жандүйнөсүн, кылык-жоругун, кулк-мүнөзүн ачып берген индивидуалдуу жана майдан талаасын, тарыхый окуяларды кеңири камтыган панорамалуу сүрөттөө. Романда тарыхый сүрөттөөнүн жаңы сапатка өткөнүн байкоого болот. Жазуучу романында көчмөн доордун турмушун, элдик ырым-жырымдарды, каада-салттарды терең изилдеп, ар тараптан кеңири камтыйт. Кыргызды кыйсыпыр түшүргөн Жунгар доору чоң тема. Романда үч муундун өмүр-тагдыры кеңири мезгил мейкиндикте өтөт. Кыргыз эли ошол оор күндөрдө тагдыр шамалы айдап Ысарга чейин кечүүгө аргасыз болот, драмалуу, ары трагедиялуу ошол учурду жазуучу катаал реализм менен сүрөттөгөн. Өзүнүн кулк-мүнөзү, көз карашы, жандүйнөсү менен жашаган өзүнүн тагдыры бар жандуу каармандар менен роман жанрын байыткан. Автор роман жанрынын эстетикалык табиятын терең өздөштүргөн, каармандардын психологиясын ичкериден терең изилдеп, алар индивидуалдуу речке ээ болгон.

Мисалы, алам дегенин алып, чалам дегенин чалып, баатыр десе баатыр, келкели келип турган Жарбаң калмактар менен согуштагы эрөөлдө олжолоп алып колунда турган бактысы – Сыңарyy cулууну соогатка кармата берип, өксүп калганы... “Сыңаруу кара көздүн мыкты жигитти эр жигит кыла турган, эр жигитти шер жигит кыла турган көсөм, зирек аялзаты экенин көрө билген өгөй энеси Кымбат: 

-- Бир олжо кыз ала келипсин, аны мага бер, соогат деп сураганым эле ошол. Алам десең сендей баатырга кыз жокпу? Колго түшкөн кызга үйлөнүп жаманатты болбо, уулум. Жарбаң дагы эле сөз төркүнүн түшүнгөн жок. 

-- Жарыктык, олжо кызды суpaп алып эмне кыласыз? 

-- Аны жанагы жаман иниң Сүтөйгө алып берип, күң кылып жумшайм. Ининдин бир илдети бар, билесиң. Ага олжо кыз эле жарашат...

-- Ала бериниз, эне. Сүтөйгө кут болсун калмак кызы, - деп коюп, камырабай басып кетти Жарбаң баатыр”. Ушул сүйлөшүүдөн кийинки чечимден Сүтөйдүн багы ачылып, ойрот кызы ага оомат алып келет. Оорусунан корунуп, элге аралаша албай басынып жүргөн Сүтөйдү илдетинен какыс айыктырып, чекесине кыл жугузбай, атын өзү токуп, башына сүлөөсүн тебетей кийгизип, аппак чепкен жаап, аппак көйнөктү мойнунан үзбөй үйрүлүп түшкөн калмак кызынын мээрими Сүтөйдүн жандүйнөсүндө бугуп жаткан бакубат ички мүмкүнчүлүктөрүн ойготуп, Сүтөй курч, көкжал, сөөлөттүү ак сөөк болуп чыга келет. Бул өзгөрүү романда психологиялык жактан ишенимдүү мотивировкаланган. Бирок Сүтөй эл каймагы болгон, журт туткасы болгон топко жөн салды эле кошула алмак эмес, алдында Жарбаң деген баатыр агасы турса ага жол тиймек эмес, ошон үчүн Сыңаруу келин анын да айласын эч кандай курмандыксыз, кан чыгарбай эле табат. Өзүнүн күнүн аң уулап жүргөн кайнагасы Жарбаңга жөнөтүп, алдатып, апийим кошулган кымыз берип уктатып, күң баатырдын үстүнөн үч аттайт. «.... Жарбаң бир мандемди сезгендей дароо чочуп ойгонду. Ал кезде балекет келин кула байталды тызылдатып чаап, учуп-күйүп бараткан эле. Текебай да келин баатырды аттап кеткенин көрүп калыптыр.

-- Баатыр, үстүңдөн аттап кетти! - деп кыйкырган бойдон ордунан тура албайт. Апийим кошулган кымыз экөөнү алсыратып таштаган.

-- Карма, Текебай, кууп жетип, башын ал! - деп катуу кыйкырганы менен шалдырап эси оогон бойдон ордунан туруп кетүүгө дарманы келген жок. Жаман жышаанды сезген Жарбаңдын айласы куруп, өзүнчө маң болуп калды.

-- Жеди мени, жеди, - деп оңтоп жатты баатыр. Баатыр эч ким менен жүз көрүшүп сүйлөшпөй, бир нече күн үйүнөн чыга албады.

Элдик ырым боюнча баатырдын үстүнөн күң аттап кетсе, намысын алдыргандай, багы тайып, жүдөп калчу экен. Баатырды амал менен чалып жыгып, алдыда болчу окуянын өнүгүүсүн алаканга салгандай көрүп турган Сыңаруу кайненесине:

-- “Чаар атчан баатыр кайниңиз келет дейт, хан ордого агасынын ордуна Сүтөйдү кошуп жибериңиз. Чоң уулуңуз көпкө чейин оңоло албай калды окшойт. Баатыр кайнага үйдөн даам ооз тийип кетсин деп байтал бээ менен семиз тайды эшик алдына байлатып койду келин”. Ошондон кийин Сүтөйдүн жолу ачылып, атасы Манап бийдин жолун жолдоп, журт атасы болуптур.

Бул эпизоддордон жана Жарбаң баатырдын армандуу тайкы тагдырынан көчмөндөрдүн бийлик үчүн эгешүүсү хансарайдагыдай эле айла-амалдар менен ырайымсыз жүргүзүлө тургандыгын далилдейт. Оорулуу уулунун аргасын таба албай жүргөн көрөгөч өгөй энесине алдатып, ичинен түтөп, күйүттүү өмүр сүргөн Жарбаң баатырдын образы олжого келген Сыңаруу кыздын образы аркылуу көчмөн коомундагы аялдын ролун, маанисин ачып көрсөткөн.

Чыгармада баяндоо формасы мезгилге, окуяга, кырдаалга жараша өзгөрүп, үлбүрөгөн ички сезимдерди камтыган махабат жагдайлары биринчи жактан берилип, лиризмге сугарылган, кылчайнашкан эрөөл талаа, түмөн колдун кагылышуусу, үчүнчү жак менен эпикалык жайбаракаттыкта бүткүл драматизми, нечен эрлердин өмүрүн кыйган трагедиясы менен панорамалуу баяндалат. Романды күүгө келтирип, ысык жалын сыяктуу аралап өткөн негизги пафос: Манап бий, Чаа баатыр, Хан Тейиш, Эр Кошой сыяктуу баатырлардын эли үчүн, жери үчүн кашык канын аябай, башын сайып коюп күрөшкөнү – элге кызмат кылуунун, бийик патриоттуулуктун үлгүсү. Романдын негизги идеясын кыйын кезеңдерде элдин эл болуп сакталып калышы, биримдик идеясы түзөт. Таруудай чачылып кеткен кыргызды чогултуп, башын бириктирем деп Чаа бий ат арытып алыскы Алтайдан элден көчүрүп келгени – анын эл-жер деп жашаган журт атасы болгонунан кабар берип турат. Галдан Бошок кыргызга кол салганда Тейиш хан анын мизин майтарып, калмактардын кийинки чоң чабуулунда балдары Ак кочкор, Канкы, Алакчын баш болгон баатырларынан ажырап, өзү да курман болот. 

Асанбек Стамов романында миф, легенда, “Эр Эшим”, “Жаңыл Мырза” сыяктуу элдик поэмалардын сюжеттерин чыгарманын негизги идеясынын контекстинде интерпретациялап, синтездеп жалпылаштыра алган. Роман кеңири мезгил, мейкиндикти камтып, татаал, драмалуу, каардуу замандын сүрөттөрүн элестүү тартуу менен, душмандан кызыл уук болуп чабылган элдин азап-тозоктуу кыйын турмушу жандуу эпизоддордо терең изилденип, историзм принциби менен сүрөттөлгөн. 

Тарыхты кенен, терең, панорамалуу чагылдырган монументалдуулугу менен айырмаланган “Тейиш хан” романы Стамовдун жеке чыгармачылыгында эле эмес, кыргыз тарыхый роман жанрынын тарыхында өзгөчө орунда турат. 

Жазуучу тарыхый каармандардын өмүр жолун коомдук саясый ишмердүүлүгүн сүрөттөөдөн алар катышкан окуялар жана жалпы элдин турмушу панорамалуу сүрөттөлөт. Тейиштин хан көтөрүлүшү, кыргыз элинин башын кошуп, калмактарга каршы турушу, жоо менен кармашкан кол эпикалык арымда сүрөттөлөт. Тейиштин чоролорунун эрдиги, колбашчылардын кеменгерлиги, жоготуулардын эсеси, күйүтү, трагедиясы Алакчын баатырдын эрдик менен көз жумган аянычтуу, трагедиялуу эпизоддордо кеңири ачылган. Эсепсиз калмак колу менен жан аябай согушуп, “ит уруш” тактикасына салып, кашык каны калганча согушкан баатырлардын эрдигин жандуу, элестүү сүрөттөө менен жазуучу тарыхка жан киргизип, мурда эпостордо, элдик поэмаларда, санжыраларда айтылып келген Эр Эшим, Көкүм бий, Манап бий, Тейиш хан, Кошой, Бишкек сыяктуу элдин тиреги болуп келген баатырлардын элесин автор өзүнүн романында түбөлүктүү образдарга айлантып отурат. 


Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер