Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйшөнбек Камчыбеков: “Өлкөбүзгө атомдук станция куруунун кажети жок”

Дүйшөнбек Камчыбеков: “Өлкөбүзгө атомдук станция куруунун кажети жок”

31-июль, 21:21
624 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанга чакан атомдук станция куруунун оң жана терс жактары тууралуу тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков агай ой бөлүштү.

-- Атомдук станция куруу боюнча маселе маал-маалы менен көтөрүлүп келет. Өткөндө Акылбек Жапаровдун Сочиге болгон сапарында дагы бул маселе козголду. Бүгүнкү күнү атомдук станцияларды куруу зарылбы? Атомдук стациялардын оң жана терс жактарын айта кетсеңиз? Аны иштетүүдө кандай элементтер колдонулат? Өлкөнүн кайсы аймактарына курулушу мүмкүн?

-- Бүгүн эмне себептен бул маселе жаралууда? Кандай көйгөйлөрүбүз бар? Ошолорго токтолуп кетели. Биздин жалпы эле энергетика тармагында, дээрлик эле өнөр жайды электр энергиясы менен камсыздоодо чоң муктаждыктар пайда болуп жатат. Акылбек Үсөнбековичтин айтымында, 3 млрд. киловаттын тегерегинде электр энергиясы кошумча керек болот экен. Аны сырттан табышыбыз керек. Ошого байланыштуу бийлик тарабынан энергетикалык муктаждыкты кантип жапсак болот? Ошонун бир булагы катары чакан атомдук станция курсак, муктаждыгыбыздын бир чекеси жабылат деген пикирде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат го. Бир жагынан муктаждыкты жабуу боюнча туура маселе, ал эми экинчи жагынан Японияда болгон чоң кырсык жана анын кесепеттери союз убагында Чернобылда болгон авария жана анын кесепеттери бүгүнкүгө чейин жоюлган жок. “Атомдук станция толугу менен 100% зыяны жок болот” деген нерсенин эки жагдайы бар. Мүмкүн коопсуздук эрежелерин пайдаланып иш алып барсак, чындап эле зыяны жоктур. Экинчиден, чоң жер титирөө, же ошого байланыштуу авариялар болуп кетсе эмне болот? Бул жагы кооптуу. Атомдук станция Чүй жергесине эле курулушу мүмкүн. Бирок менимче, кажети жок деген пикрдемин. Эң көйгөйлүү маселе – чакан атомдук станция болгон күндө дагы сырье менен, башкача айтканда, уран менен камсыздашыбыз абзел. 

-- Бүгүнкү күндө бизде урандын кендери барбы?

-- Союз учурунда Миң-Кушта, Кажы-Сайда чыккан урандын жардамы менен атомдук бомба жасалган деп айтылат. Биз тоо-кен тармагында иштеп жаткандыктан билебиз. Майлуу-Суу, Миң-Куш, Кажы-Сай, Шакаптар деген жерлердеги уран кендери иштетилип бүткөн. Ал жерде иштетилип бүткөн оор кыртыштар гана калган. Алардын көлөмдөрү деле өтө аз. Ал кендерди иштетүү бүгүнкү күндө экономикалык жактан пайдасы жок. Дагы бир кен тууралуу сөз болгон, ал Кемин жергесинен өткөндөн кийин Орто-Токой суу сактагычынын жанында жайгашкан Кызыл-Омпул кени. Бир кездери россиялыктар иштетебиз дегенде, эл каршы чыккан. Адис катары биз дагы пикирибизди билдиргенбиз. Себеби, Кызыл-Омпулда жайгашкан урандын кени 7 участокто жайгашкан. Анын бири Кууакы белине чыгып бара жаткан жерде болсо, экинчиси Орто-Токой суу сактагычынын жээгинде, үчүнчүсү Орто-Токой суу сактагычынын астында, төртүнчүсү Кууакы белине жайгашкан айылдын үстүндө болуп, ар кай жерге жайгашкан. Андыктан аны бөлүп-жарып иштетүүнүн кажети жок. Кызыл-Омпулда иштете турган 3,5 миң тонна уран кени бары айтылат. Аны иштетүү үчүн электр линияларын жылдыруу зарыл. Трассаны дагы жылдыруу шарт. Ушундай көйгөйлүү маселелер бар. Ошондуктан бизде сырье маселеси өтө тартыш. Чакан атомдук станция курулса, биз аны сырье менен камсыздашыбыз керек. Бул келечекте көз карандуулукка алып келе турган маселеге айланат. 

Андан кийинки маселе – биз иштетилген уранды бир жерге жайгаштырышыбыз керек. Иштетилген урандын калдыктары ар кай жерге жайгаштырылган. Мисалы Миң-Куш, Кажы-Сай, Майлуу-Суудагы урандын калдыктарын жок кыла албай, чет элдиктерге жардам сурап кайрылып келебиз. Чакан болсо да атомдук станция иштеп калса, анын калдыктарын биз бир жерге жайгаштырууга муктажбыз. Бүгүнкү күндө Кара-Балтанын жанында жайгашкан хвостохранилище бар. Анын аймагы бир топ чоң. Азырынча көйгөй жарата элек, бирок келечекте маселе жаратышы мүмкүн. Андыктан өлкөбүзгө атомдук станциянын кажети жок. 

-- Жалпы калдыктардын экологиябызга тийгизген таасири кандай болууда?

-- Бүгүнкү күндө хвостохранилищелерге россиялыктар рекультивация иштерин жүргүзүп келишет. Мындайча айтканда, Кажы-Сайдагы иштер аяктап бүткөн. Миң-Кушта иштер жүрүп жатат. Майлуу-Сууда дагы рекультивация иштерин бүтүрүп жатышат. Ал жерде миллиондогон тонна калдыктар бар. Аларды биз кайра иштете албайбыз. 

Учурунда Америка өзүнүн биринчи атомдук куралын дайындап, Советтер союзу кечигүү маселеси менен чалгындоо иштерин жүргүзүп, “уран жайгашкан кендерди тапкыла” дегенде, ошол Кажы-Сай, Миң-Куштан табылып, иштетишкен. Иштетилип бүткөндөн кийинки түзүлүшү өтө төмөн. Бул кендерди иштетүү үчүн убагында Төө-Ашуу жолу салынган. Булар жашыруун аткарылган иштер болчу. Бүгүнкү күндө биз хвостохранилищелерди рекультивация эле кылып жатабыз. Ошол учурда калдыктар айылга жакын жайгашып калган. Анан аларды алыс жерге, үстүн зыяны чыкпагыдай кылып көмүп жайгаштырган. Бүгүнкү күндө “россиялыктар келип, кайра иштетип, уран өндүрөт” деген пикирден алысыраак болгонубуз оң.

Эң негизгиси, Кызыл-Омпулда жайгашкан урандын кени бул Ысык-Көлдөгү биосфералык аймакка кирип калган участок. Биз аны иштетиш үчүн көп маселелерди чечишибиз шарт. Элди даярдоо зарыл. Экологиялык маселелерди чечүү керек. 

-- Бул боюнча Россия менен кандай сүйлөшүү иштери жүрүп жатат? Балким ишке ашып кетпейби?

-- Биз аны билбейбиз. Акылбек Үсөнбекович Сочиге барганда атомдук станция куруу боюнча маселе козголуптур. Теледен көрүп калдык. Алар өз долбоорлорун Армения башчысы Пашинянга да көрсөтүштү. Бирок биздин электр энергиясын өндүрүүгө башка шарттар болуп турса, эмне үчүн бул жолду тандайбыз? Биз бүгүнкү күндө кичигидроэнергетика деп жатабыз, көптөгөн кичи ГЭСтерди курсак болот. Мисалы, Кытай менен сүйлөшүп, Сары-Жазга ГЭСтерди курабыз деп жатабыз. Ошондой эле Көкөмерендин ичине да бир топ ГЭСтерди курсак болот экен. Бүгүнкү күндө биз ушул жагынан өсүшүбүз зарыл болуп турат. Былтыр кышындагы катуу суукта кошуна өлкөлөр оор шарттарга туш болуп калышты. Ошондон бери көмүр, жылуулук маселеси билинди. Ошондуктан биз биринчи кезекте көмүр өнөр жайын өнүктүрүп, таза продукция алсак, экономикалык жактан сонун киреше кирип, өлкөбүз үчүн жакшы шарт жаралмак.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер