Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөм “элдешели” дейт, а мен башканы сүйүп калдым

Күйөөм “элдешели” дейт, а мен башканы сүйүп калдым

23-октябрь, 19:30
5 318 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашоо кызык эле. Жолдошум менен келишпей, ажырашып кеткем. Ортодо бир жигит менен тааныштым, жылуу сөздөрүнө ишендимби, билбейм, сүйүп калдым... Баары жакшы болчу, бирок эми андан дайын жок, такыр түшүнбөйм. Мен аны эч нерсесине карабай, чын эле сүйүп калыптырмын. Азыр унута албай, сагынып, кыйналып атам. Эркектерден суранарым, сүйдүрүп, жакшы сөз айтып, үмүттөндүрүп коюп, таштап кетпегилечи?! Мурун менде мындай сезим болгон эмес. Азыр кыйналып атам, аны күнүгө эстейм, унута албай койдум. Ооба, ал бала мени сүйбөсүн, албасын да билдим, бирок дагы деле үмүтүмдү үзө албайм... Силер сүйүүгө ишенесиздерби, же мен жөн гана жылуу сөздөрүнө алданып, алоолонуп жатамбы? Азыр жолдошум “элдешели” деп келүүдө. Балдар үчүн элдешүү оюм бар, бирок тиги жигитти унута албай, жүрөгүм уйгу-туйгу... 


Тамара 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер