Жездеси Салимбайга “табакташ”...
Кыргызстанда саясаттын ашмалтайы чыгып баратат. Ырааттуулукка салуу, тазалануу болбойбу? Мисалы, Нургазы Айдаров уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого, Салимбай байбачага “табакташ” катары издөөгө алынды. Оор айып тагылууда. Кызыгы, Нургазы Айдаровдун бир тууган кайниси Бакыт Сыдыков бийликчил “Ата Журт – Кыргызстан” фракциясын жетектеп отурат. Моралдык-нравалык жактан таптакыр карама-каршы келет да. “Бок-жини” аралашкандай мындай көрүнүш Кыргызстанда гана болсо керек. Өнүгүүгө багыт алган өлкөлөрдү элестетип атасыңарбы? Ток этерине келсек, Бакыт Сыдыков токтоосуз түрдө “Ата Журт – Кыргызстан” фракциясынын лидерлигин жана мандатын да тапшырып кетиш керек. Ириде Камчыбек Ташиев өзүнүн “уясындагы сасыткыларды” тазаламайынча, эл астында үлгү жаратуусу кыйын да, туурабы? Андыктан, сабыр кылып, Сыдыковдун жаза алуусун күтө туралы...
"Азия Ньюс" гезити