Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аида Исатбек кызы: “Түндүк-түштүк жолун жаап коюу менен маселе чечилбейт”

Аида Исатбек кызы: “Түндүк-түштүк жолун жаап коюу менен маселе чечилбейт”

14-май, 12:00
731 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аида Исатбековна, сиз жакында эле түндүк-түштүк альтернативалык жолуна барып, жолдун акыбалы менен жеринде таанышып келген турбайсызбы?

-- 28-апрелде транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев, анын орун басары Таабалды Тиллаев болуп түндүк-түштүк альтернативалык жолун, тагыраак айтканда, Жумгал менен Казармандын аралыгындагы участокту көрүп келдик. Себеби, буга чейин да ал жакта бир топ унаалар жабыркаган болчу. Өткөн жумада да бир машинаны таш басып кылып, дагы жакшы, ичиндеги жарандар жабыркаган эмес. Ошондуктан, тез арада чечкиндүү иштерди жасабасак болбойт. Жолду жаап, же болбосо таш түшкөн жерин тазалап коюу маселенин чечилиши эмес да. Мисалы, кырсыктан жабыркаган унааларга компенсацияны ким төлөп берет?

-- Унааны таш баскан окуя кайсы айылда болгон?

-- Казарман аймагында, түндүк-түштүк альтернативалык жолунун 195-291-чакырымында болгон. Негизи жолду салып жатканда коркунучтардын, тобокелчиликтердин баарын эске алыш керек болчу. Менин баамымда, булар эске албай, шашылыш эле салып коюшкан. Албетте, жолдун курулганы жакшы болду, Казарман эли мурдагыдай Нарынды айланып 12 саатта эмес, 5 саатта келип жатат. Бирок, коопсуздук жагы да өтө маанилүү эмеспи. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер