Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чынара Эенгул, саясый серепчи: “Мирзиёев Борбор Азия чөлкөмүндөгү лидерликти алды”

Чынара Эенгул, саясый серепчи: “Мирзиёев Борбор Азия чөлкөмүндөгү лидерликти алды”

20-октябрь, 16:24
806 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чынара айым, 13-октябрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын (КМШ МБК) кезектеги жыйыны өттү. Ушу жыйын тууралуу сиздин ойду уксак?

-- КМШ жыйынында 3-4 орчундуу маселе каралды. Биринчиси, орус тили жөнүндөгү эл аралык уюмдун түзүлүшү. Жыйынга катышкан мамлекет башчылары “КМШ аймагында орус тили – улуттар аралык жана эл аралык байланыш тили катары саналат” деп билдирүү кылышты. Муну Россия Федерациясынын дипломатия жаатында маанилүү жетишкендиги катары сыпаттасак болот. Анткени, мурунку союздан калган мамлекеттердин аймактык ымаласын кармап калабыз, аны андан ары кеңейтебиз десе, орус тилинин позициясы жоголбошу керек жана акырындан укуктук базаны түзүп аткандарын байкасак болот. 

Экинчиси, санариптештирүү маселеси. Анын ичинде мамлекеттик башкаруу жаатында бирдиктүү санарип технологиясын колдонуу. Өзгөчө XXI кылымда маалыматтык согуш күч алып, маалыматты коргоо жогору болгон үчүн орустар чыгарган системаларды, программа камсыздоолорун колдонуш керектигин жана ушул жаатта келишимдерге кол коюлганы да абдан маанилүү болду. Анткени, дүйнөлүк масштабда Американын программалары, системалары, ошол эле Кытайдыкы көтөрүлүп келатканда, орустар КМШ аймагын кармап калууну көздөп атышат. 

Үчүнчүсү, Шавкат Мирзиёев мырзага КМШнын “Ардак белгиси” сыйлыгы Садыр Жапаровдун демилгеси менен тапшырылды. Шериктештиктин өнүгүүсүнө, КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы достукту, ынак коңшулукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы үчүн (!) деп бааланды. Мирзиёев Борбордук Азия чөлкөмүндөгү лидерликти алды. 

Төртүнчүсү, эң негизгиси катары коопсуздук тууралуу маселе КМШ жыйынында көтөрүлүп, эл аралык мамилелер бир полярдуу эмес, көп полярдуулукту түзгөнгө орустар аракет кылып, Путинби, же тышкы иштер минстри Лавров болобу, өз сөздөрүндө айтып келишкен, “чыныгы демократия болуусу керек. Кайсы гана мамлекет болбосун баары тең укуктуу жашоого милдеттүү. Батыш өзүнүн бир полярдуулугун үстөмдүк кылбашы абзел!” деп мурдагы билдирүүлөрүн кайталашты. 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер