Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Мамлекеттин коопсуздугуна журналисттер шек келтирбейт”

Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Мамлекеттин коопсуздугуна журналисттер шек келтирбейт”

22-январь, 19:30
592 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мавлян мырза, көз карандысыз маалымат булактарында иштеген журналисттердин үйүнө, кеңсесине тинтүү иши жүрүп, өздөрүн суракка алуу башталыптыр. Бул сөз эркиндигине кысым кылуубу же мамлекеттин коопсуздугун алдын алуубу?

-- “Мамлекеттин коопсуздугуна журналисттер шек келтирип жатат дегенге эч ким ишенбейт. Миллиарддаган долларларды уурдаган Ширшовдун, кечээки шоопур Илмияновдун, Өзбекстанга барып Салимбайга жолугуп, ага кошомат арткандардын, стратегиялык жер, кен байлыктарды соодалап жибергендердин, шайлоо убагында башка өлкө башчысы менен жолуккандардын, коррупцияга батып, мамлекетти, элди тоногондордун үйүн тинтип, камаса коомчулук ишенет эле.

-- Акүйдүн экинчи кабатынан секирип качкан Эмил Жамгырчиев сурак берип эле бошоду. Анын айыбы жок болсо, эмнеге башкы прокуратура жоопкерчиликке тартууга уруксат сурап, парламентке кайрылды?

-- Акүйдүн 2-кабатынан секирген депутат эл алдында шерменде болду. Депутат, саясатчы болбой эле, тынч оокатын кылса болмок. Айыбы болсо да мындай кадамга барганы – анын депутат, саясатчы, адам катары пас деңгээлин көрсөттү. Парламентте Ташиевдин көрсөткөн фактылары негиздүү болсо, "Чыккынчылык", мамлекеттин коопсуздугуна каршы аракет жана башка ушул сыяктуу беренелер менен кылмыш иши козголушу ыктымал. Жеке кызыкчылык үчүн элди, мамлекетти, улуттук намысты садага чаппаш керек.

-- Имамидин Ташов кайра-кайра кайрылуу жасап жатат. Ага ишениш керекпи же ал бүтпөгөн үйлөрдүн жоопкерчилигинен качып, аянычтуу көрүнүш үчүн оппозиция тарапка ыктадыбы?

-- Имамидин мырзанын үй чыры менен камалып, кечээки кайрылуусунда айткан 100 миллион сом боюнча ачык териштирүү болушу шарт. Ошондой эле Ташиев айткан Жамгырчиевдин атасынан алынган 180 миң доллар да эл алдында ачык териштирилип, тийешелүү адамдар жоопко тартылышы зарыл. Бийлик ишинде кынтык жана күмөн саноо болбошу керек

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер