Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Парламентке байлар, шылуундар, уурулар өтүп кетүүгө катуу аракет кылышууда”

“Парламентке байлар, шылуундар, уурулар өтүп кетүүгө катуу аракет кылышууда”

14-октябрь, 20:29
716 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Парламенттик шайлоого баягы эле эски жүздөр, байлар, коммерсанттар ат салышууга чыгып жатышат. Бул саам да элибиз акчалууларды шайлоо менен убактылуу кызыкчылыкка алдырышабы?

Жолдош Турдубаев, адабиятчы:

-- Казанда бары чөмүчкө чыгат. Биздин казан – шайлоочулардын аң-сезими, укуктук маданияты, саясатчылардын жана аларды ээрчиген элдин деңгээли.

Чөмүч – парламент. Демек, азыркы чакырылыштагы депутаттар деле мурункулардан мыкты болуп келиши күмөн.

Бирок, жакшыбы-жаманбы, ал ар кайсы партияларга же жарандык топторго эле эмес, бүтүндөй улутка, мамлекетке керек. Эгер бийликтегилер утурумдук мүдөөлөрдү гана эмес, Кыргызстандын эртеңкисин ойлосо, Жогорку Кеңешке жогорку деңгээлдеги өкүлдөр келиши үчүн шарт түзүшү керек деп эсептейм. Мисалы, депутаттын негизги милдеттерин билеби, мыйзам жазуу ишине жарайбы, тарыхый маанидеги маселелерди чечүүдө калыс, чынчыл экенин көрсөтө алабы же кнопка басканга жана кошомат кылганга эле ашыгабы (?) деп талапкерлерди электен өткөрүш керек. Бул үчүн теледебаттар кеңири уюштурулушу зарыл.


Качкын Булатов, пенсионер:

-- Парламентке азыр байлар, шылуундар, уурулар өтүп кетүүгө катуу аракет  кылышууда. Эл шайлоого даяр эмеспи же шайлоодон тажаганбы, айтор, көпчүлүк үчүн иштеп бере турган депутаттарды шайлайлы (!) дегенге деле кызыкпай жатышат. Ушул шайлоону таза өткөрүп, келечекке үмүт пайда кыла турган стимул беришибиз керек. А болбосо баягы эле таз кейпибизди кийебиз...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер