Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда баары чаржайыт, өнүгүүгө үмүт жокпу?

Кыргызстанда баары чаржайыт, өнүгүүгө үмүт жокпу?

28-сентябрь, 01:00
646 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомдогу окуялар, саясый абал жүрөгүн ооруткан, мекенин, келечегин ойлогон жаштар арабызда арбын. Аз да болсо элге, балким бийликтегилерге үндөрү жетээр (!) деген үмүттө жаш активисттердин курч пикирлерин жолдодук.

Айпери Рахманбердиева, жарандык активист: “Элибиз 300гө жакын үй-бүлөнүн туткунунда калды”

-- Кыргызстан акыркы 30 жыл ичинде бийлик бутактарын чырмооктой ороп алган 300гө жакын үй-бүлөнүн туткунунда калган. Ар бир парламенттик шайлоодо болгону орун алмашат. Албетте, кээ бир партияларда билимдүү жаштар жок эмес, бирок устаттан шакирт өтөт эмеспи... Шайлоого барбай же болбосо баарына каршы добуш бергендин пайдасынан зыяны көп. Себеби, баарына каршы добуш көп болсо, шайлоо бузулуп, учурдагы аттанган талапкерлер четке кагылып, ордуна башка талапкерлер келмек. Азыр болсо миң каршы добуш болсо да, кайра эле ошол депутаттар келе алат. Анткени, өзгөртүлгөнү, шайлоо бузулганы менен “баштагы аттанган талапкерлер кайра катыша албайт” деген жери алып салынган. Ошон үчүн шайлоого ар бир жаран барып, өз добушун сатпай, ыйманына, билимине карап берсе, эки дүйнө ошол шайлоочу азапка кабылбай өтмөк.

Замир Айылчиев, жарандык активист: “Биз партиялардын саны боюнча Гиннес китепке кирсек болот”

-- Кыргызстан партиялардын саны боюнча дүйнөнүн Гиннес китебине кирсе болот. Дүйнөнүн державасы болгон АКШда эки гана партия өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, мамлекетин өнүктүрүп гана тим болбостон, дүйнөнү башкарып жатышат. Себеби АКШда саясый идеология жана система иштейт. Тилекке каршы, Кыргызстанда баардыгы чаржайыт. Бул нерсени моюнга алышыбыз керек. Албетте, партияны тандап жатканда анын идеологиясына жана келечекте ишке ашыра турган реалдуу пландарына жана компетенттүү келген кандидаттарына көңүл бөлүү керек. Шайлоочулар жогорудагы талаптарды сын пикир менен карап тандаса, туура адамдар мыйзам чыгаруу бийлигине келет да!

30 жыл аралыгында өлкөбүздө канчалаган шайлоолор өттү. Мени бир чети таңгалдырып, бир чети өкүндүргөнү – өлкөбүздүн ар бир шайлоонун бир айлык жарнама мөөнөтүндө топтошкон партиялардын Кыргызстанга реформа кылып, дүркүрөтүп өнүктүрүп салышканы. Албетте, чыныгы иш жүзүндө мамлекетибизге күйүп иштеген адамдар аз. Көпчүлүк кандидаттар өздөрүнүн гана жеке кызыкчылыгын коргоп келе жатышканы айдан-ачык белгилүү. Ошондой чыккынчылардан Кудай сактасын! Шайлоонун үгүт иштеринин жүрүшүндө дагы деле ишке ашпаган популисттик сөздөр жана лозунгдардын коомчулукка жаңырып жатканы көпчүлүк адамдардын кыжырын келтирип жатат. Аравандагы эки партиянын тиреши шайлоонун шайтан оюндарынын башталышы гана. Кызыктын баары алдыда. Мен элимден өтүнүп кетет элем: шайлоодо добушуңарды сатпагыла, бизге мамлекеттин жана кичинекей муундун келечеги абдан маанилүү!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер