Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Бешимов: “Тынчтыкты кааласак, согушка тезинен даярданалы”

Аскар Бешимов: “Тынчтыкты кааласак, согушка тезинен даярданалы”

17-июнь, 07:27
1 054 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тажикстандык оппозиционер Фейсбуктагы баракчасына Эмомали Рахмон үй-бүлөсү менен Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярданып жатканын жазып чыкты. Мунун канчалык чындыгы бар? Эгер болсо, төңкөрүш кылууга жардам берүүчү ички күчтөр дагы кызыкдарбы?

-- Буга мен таптакыр ишенбейм. Анткени биздин өлкөдө жарандык коом абдан өнүккөн. Анан баары эле сатылып кетип, тышкы күчтөрдүн эсебинен төңкөрүш кылууга даяр турат деген күлкүлүү сөз да. Төңкөрүш кылууга элдин нааразычылыгы, ага себептер болушу керек. Бүгүнкү күндө ага эч кандай себеп, негиз, тамыр жок. 

-- А негизи тажик бийлигинде ич ара ошондой сүйлөшүүлөр, пландар болушу мүмкүнбү?

-- Тажикстанды бир үй-бүлө башкарат. Алардын бизге кол салганы дагы жөн эмес. Алар аяк-быяктан биздин тамырыбызды тартып көрүп атат. Буга чейин биз аркылуу контрабанда, баңгизаттар өтүп жүргөнү да түшүнүктүү. Алардын өтүүсүнө кайсы кылмыш топтору өбөлгө түзгөн, бийлик ага канчалык деңгээлде байланганын мен билбейм. Бирок, алар сөзсүз сүйлөшүүнүн негизинде өтөрү белгилүү. Бизде бийлик алмашкандан кийин Тажикстандын абалы кыйындай түшкөнү анык. Мунун баарын эске алсак, анда аларда ич ара бир нерсеге даярдык жүрүп атат. Биз менен көп маселени күч менен чечебиз (!) деген ойлору бар.

-- Эми бул өлкө менен чек араны тактоо маселелери кандай жүрөт дейсиз? Анын негизинде дагы чыр чыгып кетпейби?

-- Алардын ою ачыктан-ачык эле көрүнүп калды. Тынчтык жолу менен маселе чечүү ойлору жок. Эртең дагы провокация кылып, чатак башташы деле мүмкүн. 

-- Андай болсо эми биз тараптан кандай жооп болушу керек?

-- Бизден бир эле жооп болушу шарт: тынчтыкты кааласак, согушка тезинен даярданыш керек. Экинчиден, орустардан Тажикстан тарапка канчалык колдоосу бар экенин ачык сурайлы. Ошого жараша тышкы саясатты өзгөртүү маанилүү.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер