Бирөөнүн күйөөсүн тартып алып, бакытка жете албадым...

Биринчи аялынын баркын билбеген, экинчисин да баалабайт экен. Мындан эки жыл мурун кафелердин биринен өзүмөн 15 жаш улуу адам менен таанышып калдым. Акчалуу бизнесмен эле. Биз кандай учурда жолугушпайлы, “жок” дегенин уккан жокмун. Ар дайым акчасын мага чачып, каалаганымды алып берип жүрдү. Ошентип, биз акыры ачыкка да чыктык, аялы мага далай жолу чалып, чиедей балдары бар экенин айтып, мамилени токтотуумду суранды, коркутту. Бирок мени эч нерсе токтото алган жок. Акыры кош бойлуу болдум да, ал аялынан таптакыр колун үздү. Жадагалса балдарына да кайрылган жок.
Чогуу жашай баштагандан тартып биздин алоолонгон сүйүү өчүп баратты. Бир жылдын ичинде биздин ортобуз сууп, наристебиз үчүн эле жашап калдык. Уулум бир жарымга чыкканда күйөөм үйгө келсе келип, келбесе жок болуп жүрүп, акыры менден да жаш, солкулдаган сулуу кызды таап, аны ээрчип кетти. Кичинекей бала менен жашап жаткан батирдин акчасын төлөй албай, акыры агамдын үйүнө бардым. Жеңем жактырбаганы менен кабыл алды. Кээде балама чупа-чупс да алып бере албай калам. Түнү “жок дегенде баласына кайрылышып койсо” деп Кудайга жалынам. Анын аялынын бир кезде “балдарым бар” деп мага чалып суранганын эми түшүндүм.
Бирөөнүн көз жашына карабай балдарын жетим кылып, эми өзүмдүн наристем атасыз өсүүдө. Көрсө, биринчи аялын таштап кеткен эркек экинчисин деле таштап кете берет экен. Сүйүү жок экенин кеч түшүндүм.
Сезим
"Азия Ньюс" гезити