Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кечээги “гуленчи” Мустафа Башкурт кантип Эрдогандын саясатын мактап калды?

Кечээги “гуленчи” Мустафа Башкурт кантип Эрдогандын саясатын мактап калды?

22-ноябрь, 18:54
859 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кеп кыла турган “каарманыбыз” Мустафа Башкурт 1998-жылы Ош мамлекеттик университетин бүтүрүп, Түркиянын “Заман” гезитинде журналист болуп иштеп баштаган. 2003ылы «Феза Газетажилик» акционердик коому менен бирге «Заман Кыргызстан» ЖЧКсын түзүп, бул маалымат каражатынын башкы директору болот. Белгилей кетсек, Түркияда «Феза Газетежилик» акционердик коому террористтик катары табылыпжоюлганы боюнча айтылат

Студенттик жылдарында Мустафа Башкурт “Фето” террордук тобунун активдүү мүчөсү жана аталган топтун системасында жогорку кызматтарды аркалаганбы? 2003-2005-жылдары «Заман Кыргызстан» медиасын жетектеп, аны жигердүү өнүктүрдү. Андан кийин 2005-жылы Кыргызстанда Гулендин эл аралык «Диалог Евразия» платформасынын өкүлчүлүгүн түзүп, 2011-жылга чейин жетектеген. Бул аралыкта «Евразия диалогу» эл аралык платформанын жетекчиси катары өзгөчө чексиз бюджетке ээлик кылып, көптөгөн конференцияларды, семинарларды, чет өлкөгө иш сапарларды уюштуруп, Фетхулах Гулендин идеяларын активдүү жайылтып, жыйындарда негизги баяндамачыга айланганын кантебиз?

Анын милдеттери: укук коргоо органдарынын, прокуратура жана коргоо министрлигинин жетекчилиги менен жакшы мамиле түзүү болгон. Өзүнө жүктөлгөн тапшырмаларды мыкты өздөштүрүп, Кыргыз Республикасынын укук коргоо эшелонунун кызматкерлери менен жигердүү достукка жетишет. Кийин бул мүмкүнчүлүктү бизнеске айлантып, Кыргызстанда жашаган түрк жарандарынын маселелерин Кыргыз Республикасында ири суммадагы акчаларга чече баштаганбы? 

2011-жылы күтүүсүз жерден Түрк мамлекеттеринин муниципалитеттер союзунун башкы катчысы болуп дайындалып, Түркияга көчүп кетет. Анын дайындалышы күтүүсүз эле. Союздун кызматкерлери “Мустафа Башкурт асмандан парашют менен түшкөндөй, бул кызматка татыктуу эмес дайындалды” деп жазып чыгышкан. 2011-2016-жылдары Түркия аймагындагы “Гулен” кыймылынын ишмердүүлүгүнө активдүү катышканбы? Ал аркылуу аталган кызматка дайындалганын баары билишчү. 2016-жылы 15-июнда “Гулен” кыймылы тарабынан уюштурулган ийгиликсиз төңкөрүштөн кийин Мустафа Башкурт Түркиядан качып, Кыргызстанга келгенин кандайча түшүнөбүз?

2017-жылы 29-августта өзүнө, үч баласына Кыргызстандын жарандыгын алган. “Ал кандай жол менен кантип жарандыкка жетти?” деген суроо туулат. Мустафа Башкурт 2011-жылдан бери Түрк мамлекеттик муниципалитеттеринин биримдигинин башкы катчы кызматын аркалап калган. Түркияга көчүп келген, туруктуу жашаган. Ал учурда Кыргызстанда 5 жыл бою жашаган эмес. Кыргыз Республикасынын өкмөтүндө өзүнүн байланыштарын пайдаланып, бул маселени кадимки коррупциялык жолдор менен чечкени баарына түшүнүктүүбү?

Азыркы учурда Мустафа Башкурт Кыргызтандагы маалымат каражаттары аркылуу өзүн реабилитациялоо аракетин кылып, Эрдогандын саясатын мактап, колдогонсуп көрүнгөнү менен “Гулендин” уюмунун тарапташтарынын арасында дагы эле эски идеясынан үмүтүн үзбөгөнүн, эртели-кеч жеңишке жетишине үмүт кылган кербезиби?.. 

(Азыркы учурда дагы Мустафа Башкуртту «Заман Кыргызстан» гезитинин жалгыз демөөрчүсү экенин юстиция министрлигинин сайтынан көрүүгө болот).  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер