Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Алмазбек Бейшеналиевдин алдында чоң милдеттер турат

Министр Алмазбек Бейшеналиевдин алдында чоң милдеттер турат

26-март, 12:00
799 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биздин гезит текшерилген, туура, так маалыматтарды жарыялайт. Маселен, “Сатылган дипломдор, сабатсыз кадрлар... Экс-министрлер текшерилеби?” деген тема менен өткөн жылы сентябрда материал жарыяланган. Ошондон кийин УКМК диплом операциясын баштап, жүзгө жакын жасалма дипломдорду таап, сатып  алгандарды жазалай баштады, арасында Жогорку Кеңештин 4 депутаты да бар.

Ырас, билим берүү системасында көйгөй көп. Ушу тапта 245 мектеп авариялык абалда, 457 мектеп капиталдык ремонтко муктаж, Бишкекте болсо норма боюнча 75 миң бала окуй турган 90 мектепте 175 миң бала үч нөөмөт менен кыйналып окуп жатышат. Мындай жагдайда билим берүүнүн сапаты өзүнөн-өзү төмөндөйт эмеспи. Бул эми окуу имаратына байланыштуу бери жактагы эле өнөкөт көйгөйлөр. 

Полиграфиялык жактан сапатсыз чыгарылган, мазмуну курактык психологияны эске албай, компетентсиз авторлор тарабынан даярдалган, катасы көп окуу китептерин колдонуудан алып, жаңы муундагы окуу китептери жазылышы абзел. Анүчүн абдан начар иштеп жаткан “Окуу китеби” илимий-тажрыйбалык борборду кескин реформалоо керек. Андан сырткары, мектептеги жаш мугалимдердин билим деңгээли өтө төмөн болуп жатканына ата-энелер даттанышууда. ЖОЖдордо педагогикалык адистикке студенттерди даярдоо өтө начар жүрүп жатканын ачык эле айтып коёлу. Өткөндө илимий наам, даражаларды берген жогорку аттестациялык комиссиянын төрайымы Бакыт Тыналиева тууралуу жазганбыз. Себеби, ЖОЖдордо ушул коррупциялашкан мекемеден диплом алган сабатсыз доцент, профессорлор студенттерге начар билим берип жатышат. Ошон үчүн эң алды ЖОЖдордо адистерди даярдоонун сапатын жакшыртуу жаңы министр Алмазбек Бейшеналиевдин алдындагы чоң милдет...

Алмазбек Бейшеналиев бул жолу келер менен орун басарларын алмаштыруу  менен ишин баштады. 2020-жылы дайындалганда жакшы иштеп жаткан илим департаментинин директору, илим боюнча орун басар Пазылбек Туркбаевди жөн жерден “орунду бошотуңуз” деп иштен алганы белгилүү. Ошондо ишке өзү алган орун басары Айгүл Абдраеваны эми “орун бошотуңуз” деп, анын ордуна өзүнүн ат-башылык жердеши, устаты, профессор Эсенбек Мамбетакуновдун баласы Уланбек Эсенбекович Мамбетакуновду алып келген экен. Көрсө, ата баркы менен кыз эле күйөөгө чыкпастан, балдардын да кызматы чоңоёт турбайбы. Болсун! Биз билим берүүдөгү көйгөйлөргө дагы кайрылабыз... 


"Азия Ньюс" гезити 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер