Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеңешбек Айтикеев, ардагер: “Мыйзамдын тили менен иштебей, жапайы жолдо кетип жатабыз”

Кеңешбек Айтикеев, ардагер: “Мыйзамдын тили менен иштебей, жапайы жолдо кетип жатабыз”

13-апрель, 12:19
552 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
-- Тар чөйрөдө “парламенттин колу менен өкмөттү таратат” деген божомолдор айтыла баштады. Мамлекеттин өнүгүшү үчүн парламенттин тараганы маанилүүбү, же өкмөттүн кеткениби? 
-- Кеп өлкөнүн өнүгүшү үчүн парламенттин тарашы же өкмөттүн кетишинде эмес, кептин баары мамлекеттин башында турган адамда. Ал адамдын мамлекетти башкаруудагы шык, жөндөм, талантынан, тажрыйбасынан, билиминен көз каранды.
Мамлекеттик идеология кайда бурса, коом ошол жакка кетет. Ага эч ким каршы чыга албайт, аны бүгүнкү күндө көрүп жатпайбызбы. Жөнөкөй эле мисал келтирейин, өкмөт башчы жасай турган ишти президенттин иш башкармалыгы жасап жатат. Ошондуктан эл өкмөт башчыга эмес, президенттин өзүнө, УКМК башчысына кайрылып жатат. Бул эмнени билдирет? Өкмөттүн, парламенттин шал болгонун билдирет. Анткени, өкмөт өз алдынча эч нерсени чече албайт, жөн эле караан болуп жүрөт. Ар бир бийлик өкүлдөрү мыйзамда каралган эреже боюнча иш жүргүзгөндө, тартип, өнүгүү, өсүү да болот. Тилекке каршы, мыйзамдын тили менен иштеген бийлик бутактары жок, жапайы жолдо кетип жатабыз. 
Бийлик бутактарынын ишине болгон көз карашым ушундай. Бүгүнкү күндө бийликтегилер өлкөнү күчкө салып башкарып жатышат. Бул жакшылыкка алып барбайт. Мындай жагдайда элдин ынтымакка, биримдикке келиши кыйын. Ошондуктан кечиктирбей мыйзам жолуна түшүү зарыл. Өлкөнүн ынтымагы, келечеги, өнүгүшү үчүн толук мүмкүнчүлүктөр бар. Ага каалоо, ишеним, аракет гана керек.
-- Барган сайын баалар өсө баштады. Май айында электр энергиясына тариф жогоруласа, кымбатчылыкка эл чыдай алабы? 
-- Ооба, кымбатчылык, тарифтин көтөрүлүшү элди дүрбөлөңгө салышы мүмкүн, бирок кандай гана кырдаал болбосун, кымбатчылыкка жана башка кыйынчылыктарга эл чыдай берет. Ал эми адилетсиздик, калыссыздыкка чыдабайт.
Бизде кымбатчылыктан да мыйзамсыздык, адилетсиздик, калыссыздык күндөн күнгө өсүп баратат. Аны коомдогу окуялардан көрүүгө болот, эл ичинде нааразычылыктар айтыла баштады. Бул жакшы көрүнүш эмес, бир күнү болбосо, бир күнү эл жарылып кетиши мүмкүн. Ошондуктан мамлекеттик бийлик бардык иш-чараны мыйзам чегинде жүргүзүп, мыйзам жолуна түшүшү керек. Ошондо карапайым калк, тариф көтөрүлгөнүн да, башкасын да туура кабыл алат. Элдин нааразычылыгын өлкөдөгү мыйзамсыз аракеттер пайда кылат. Эл курсакка эмес, мыйзамсыздыкка, адилетсиздик, калыссыздыкка нааразы болот. 
Мамлекет элдин элдүүлүгүн, коопсуздугун сактоо үчүн керек. Демек, мамлекет элге ыңгайлуу шарт түзүү, жакшыртуу менен иштесе, көпчүлүктүн нааразычылыгын туудурбайт.
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер